4 / 16Relationships · 16 бөлүм

Ayoub asks for Moussa to bless the child. Moussa gladly holds the girl and tells her that the world is hard. He prays that God help her face what life brings, with health, happiness, and a long life. As the family celebrates, Dawud returns and he has a story to share. When he was arrested, he tried to stay silent during interrogations. But finally, he gave them information. He knew they would kill him now that he had nothing more to offer. One night, Jesus came to him in a dream. He had flowing robes, eyes like fire, and feet like glowing bronze. Dawud fell to his knees in fear and then worship. Dawud tells the other prisoners that he had seen the Lord. When the soldiers came for him, he wasn't taken to his death. Instead, he was released. His fine had been paid by Rivka's husband. Moussa insists Dawud stop. He pleads with him not to fall into another crazy group that might cost him his life. But Dawud and the whole family tell Moussa what it's like to know Jesus. As followers, their lives are in Jesus's hands. When we share our story with others, we should be prayerful, fearless and clear. "Spend a lot of time in prayer. Always be watchful and thankful. Pray for us too. Pray that God will open a door for our message. Then we can preach the mystery of Christ. Because I preached it, I am being held by chains. Pray that I will preach it clearly, as I should. Be wise in the way you act toward outsiders. Make the most of every opportunity. Let the words you speak always be full of grace. Season them with salt. Then you will know how to answer everyone" (Colossians 4:2-6).

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Matthew 16:24-26

Then Jesus told His disciples, “If anyone wants to come after Me, he must deny himself and take up his cross and follow Me. For whoever wants to save his life will lose it, but whoever loses his life for My sake will find it. What will it profit a man if he gains the whole world, yet forfeits his soul? Or what can a man give in exchange for his soul?

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Colossians 4:2-6

Devote yourselves to prayer, being watchful and thankful, as you pray also for us, that God may open to us a door for the word, so that we may proclaim the mystery of Christ, for which I am in chains. Pray that I may declare it clearly, as I should. Act wisely toward outsiders, redeeming the time. Let your speech always be gracious, seasoned with salt, so that you may know how to answer everyone.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Төрөлүү. Эмнеге мынча узак? Буга убакыт керек, Аюб. Кел, отурчу. Аны менен баары жакшы болот. Сүйлөгөнгө күчү жетип жатат го, демек, абалы жакшы. Сүйлөгөнгө? Ал кыйкырып жатпайбы! Ал күчтүү аял. Баары жайында болот. Ии? Ал... Ал жакшы Аюб. Кабатырланба. Аз калды, баласы жакында төрөлөт. Куттуктайм, Аюб. Кызың сулуу экен. Кыз! Кыз. Көрсөм болобу? О, азырынча жок, Аюб. Алар даяр болгондо өзүм чакырам. Аа! Куттуктайм, Аюб! Нух! Баары бүттү. Түш бери. Түш. Нух! Сен тайке болдуң! И, ким экен? Ал кыз экен! Оо. Куттуктайм сизди! Тайата болдуңуз. Биздин наристе жаңы эле төрөлдү. Оо! Куттуктайм! Ал кыз! Аны көрдүңбү? Сара кандай? Мен билбейм. Мени киргизишпеди. Кандай ойлойсун, жакшы да ээ? Баары жакшы деп ойлойм, Аюб. Ата. Куттуктайм! Аа, Жакып! Муса, Жакып, Нух, Аюб. Келгиле сонун кызыңарды көргүлө! Аа, мени жетелечи, балам. Кел колуңа алгың келеби? Ооба. Ата. Ии. Бул кыз. Керемет. Ооба, сонун. Ата, батаңызды бересизби? Ооба. Бул түйшүктүү дүйнө жана оор күндөр. Аталарыбыздын Кудайы наристеге жүзүн бурсун, жардам берсин, жашоосунда эмне болсо да ага ден соолук, бакыт жана узун өмүр берсин. Бул ымыркайды көрбөй калган, тайэнесиндей, жагымдуу болсун. Атын ким деп коёсуң? Лейла, Тайэнесиндей. Лейла. Абдан сулуу экен. Ооба, кымбаттуум. Дөөт? Кантип келдиң үйгө? Дөөт! Кантип бошондуң? Качып кеттиңби? Качып? Жок. Андан да тан калыштуусу, алар мени бошотушту, жаракат алгансыңго? Ооба. Ачка болсоң керек. Дөөт! Ата! Дөөт! Аа! Бул кандайча болду? Алар коё беришти, ата, сизге айта турган сөздөрүм көп. Сен биринчи кирип жээниңди көрүшүң керек. Анан... эмне болгонун айтып бересиң. Наристе бул жердеби? Ооба. Бул жакшы. Жок болуп калганым жаман болду... Билебиз уулум. Бирок сен бул жердесиң. Көпкөбү? Алар сени кайра алып кетишеби? Качышың керекби? Жок, карындашым. Эч кайда качпайм. Келиңиз, отургузайынчы ата. Сенин кызың сулуу экен. Үйгө кайтып келип, сен ага эң сонун белек кылдың. Эмне болгонун айтчы. Ривка эже, сиз окуянын жарымын билесиз. Кош келипсиң үйгө, Дөөт. Ривка эженин жолдошу мени коргоду. Салыкты да ал төлөдү. Азыр ал жөнүндө айта көрбө, Дөөт... Мен, сизди жана жолдошуңузду кантип ыраазы кылам. Билбейм. Сен бизге эч нерсе карыз эмессиң, Дөөт. Оо, жок. Бул үчүн гана эмес. Айтып берчи. Римдиктер алып кеткенден кийин менден күнүгө сурак алып жатышты. Кээде күнунө бир нече жолу, кечинде дагы. Мен менен болгондорду билгилери келди. Бирок мен айткан жокмун. Эгер айтсам, мени өлтүрүшмөк. Сурактарга чыдамым жетип турганда, мен тирүү болом. Бирок акырында эмне керек болгонун бердим. Оо, Дөөт. Алар каалаганына жетишти. Сабоолор токтоду. Андан кийин бул убактылуу экенин билдим. Аларга керегим деле жок болуп калдым. Түнкү эки сурактан кийин абагымда уктап жатсам түн ортосунда мени бир нерсе ойготту. Карасам баары уктап жатышыптыр, кароолчулар кетип калышыптыр. Ошондо мен Аны көрдүм. Кимди көрдүң, Дөөт? Аны. Мен силердин Ыйсаңарды көрдүм, Сара. Ал мага көрүндү... Силерди көрүп тургандай даана. Анан эмне кылдың? Чөгөлөп жыгылдым. Ал укмуш эле! Ал бутуна чейин жеткен кийим кийип туруптур, а көкүрөгү алтын менен куурчалган. Башы менен чачы аппак эле, тим эле кардай ак. Анын көздөрү оттой жаркырайт. Ал эми буттары, жаркыраган жездей, үнү болсо катуу суулардай чыгып атты. Ии Далия укса жакшы болмок! Ооба, жакшы болмок. Рахмат. Алгач менин үрөйүм учту! Ал мени карады. Анын көздөрүнөн кылган ишимдин баарын көрдүм. Далия мен сени аябай издедим! Эмне болду? Бир нерсе болдубу? Бир нерсе? Баары жакшы! Ушундай жакшы нерсе болду дейсиң! Сара бала төрөдү. Сонун болгон тура! Ооба, кыз. Ал анын атын тайэнесиндей Лейла деп койду. Анан дагы... Эмне? Дөөт үйдө! Ал үйдө? Алар... Кандайча... Жок. Ал тирүү! Ал Теңирди көрүптүр! Эмне деп атасың Мариам? Жүрү. Азыр бара аласыңбы? Аа, ооба, бара алам. Тезирээк! Канчалык көпкө жалынганымды билбейм, бирок аягында уктап калыпмын. Эртеси күнү ойгонгондон кийин, камактагылардын баарына эмне болгонун айтып бердим. Теңирди көргөнүмдү! Мен өлө турганымды билгем бирок мен өлгөндөн коркпой калгам. Мен алар менен сүйлөштүм, анан камактагылар кээ бирлери, Ыйсадан жалынып кечирим сурашты. Алардын бирин алып, эртеси айкаш жыгачка кагышты. Бирок ал да корккон жок! Чынбы, Дөөт? Эртеси эртең менен алар мага келишти. Менин убагым келгенин билдим. Мен камактагылар менен коштошуп, Атабыздын үйүндө жолугабыз. Ыйсага ишенгиле, дедим Бирок сабагандын оордуна, алар мени коё беришти. Анан мени, бошсуң дешти. Алар мен үчүн кун төлөнүп, башчы мага ырайым кылууну чечкендигин айтышты. Мен үйгө кетип баратканда Ривка эже, соттон чыгып бара жаткан күйөөңүздү көрдүм. Ал кайрылып, мени карады. Ошондо ал менин кунумду төлөгөнүн түшүндүм. Ошондойбу, Ривка эже? Эми, бул анын ою болчу. Сен келгенге чейин ал ишке ашканын биле элек болчумун. Оо, Дөөт, кайра үй бүлөөң менен болгонуңа абдан кубанып жатам бирок баарынан да Асмандагы Атаңа кайтып келгениңе кубанам. Бул бүтпөйт экен го! Эми мен баламды жалганга чулгап салган бул аялга да карыз болуп калдым бы?! Муса, сен мага да, менин күйөөмө да карыз эмессиң. Ынтымакта болуп, бизге жасаган Кудайдын кереметине ыраазы болуп жашай албайбызбы? Болуптур, үй-бүлөө эмне дейт? Биздин аксакалдар, кошуналар? Рим башчылары Дөөттү камаш үчүн дагы жаңы айыптарды табышат! Ыйсанын жолдоочулары дайыма жамандыкка туш болушат! Элдин сөзү менен ишим жок, ата. Мен Теңирди көрдүм, Теңирди! Ал айкаш жыгачта өлүп тирилген. Ал тирүү, ата Ал мени кечирди жана бошотту! Бул жакшы кабар! Мен үчүн, сенин бул жерде тирүү турганың эле жакшы кабар. Бирок эми сен өзүңдү коргошуң керек. Аралашпа тиги адашкандардын оюна! Сен туура иш кылышың керек. Эсиңе кел. Үй-бүлөөң жөнүндө ойлон. Кайрадан мындайды көтөрө албайм. Сен жоопкерчиликтүү болушуң керек уулум.Түшүнсөң, муну мен үчүн кыл! Ата, мен түшүнөм, бирок анте албайм. Мен жакшы кабарды таратышым керек! Оо, бул эмне болгон азап! Уулум акыл эсинен ажырады. Ата, эгер сен көрсөң... Жок, сен акылдан ажырадың! Сени сабай берип акылыңдан ажыратышыптыр! Муса! Ыйык Рухтун үйүңдө кылып жаткан ишине каршы чыкпа. Кудай сага уулуңду тирүү кайтарып берди! О, мунун терең сыры бар, Муса. Нора эже, сиз көптү көрүп, көп жашадыңыз. Жана сиз жакшы түшүнөсүз, Дөөттүн жоопкерчилиги бул үйдө экенин. Ыйсанын сөздөрү кулагыма жаңырат, Муса аларды сенин сүйүктүү, аялың айткан, анын жаткан жери жайлуу болсун. Машайактын артынан ээрчип жөнөгөндө үй бүлөө да экинчи оорунда калат. Ал биздин чечимибизди күтөт. Ыйса айкаш жыгачымды алып, анын артынан кеткенге чакырып атат. Кайдагы айкаш жыгач... түшүнбөдүм? Ыйса айкаш жыгачын көтөргөн, анан ошол айкаш жыгачта бизди өлүмдөн куткарыш үчүн өлгөн. Биз эми Анын шакирттерибиз, жакшы кабар таратыш үчүн ар кандай азаптарга да даяр болушубуз керек. Элчилерди карачы, Петир да башкалары да, баары азаптардан өтүшкөн. Кээ бирлери ишеними үчүн өлүшкөн. Муса, Теңирдин артынан ээрчигенге бир эле жол бар. Ага бүт жүрөгүңдү жана өмүрүңдү арнаш керек. Мен андан уялбайм, ата. Ал кылган нерсени кантип айтпай коё алам? Мен бул жөнүндө бүт дүйнөгө айткым келет. Ата, Дөөт, бул сөздү башка күнү сүйлөшөлүчү. Сара чарчады. Ымыркай экөө эс алышсын. Жүргүлө. Келгиле майрамдайлы. Жардам берейин, ата. Колуңузду бериңиз. Жүрүңүз. Байке. Ох! Хм. Ии кечирчи. Мен, сен жөнүндө жакшы кабар укканыма абдан кубанычтамын. Эми, баары эле кубанычта болбойт. Бирок мен каршы эмесмин. Сен – эр жүрөксүң, Дөөт. Жок, андай эмес. Мен эр жүрөк эмесмин. Бирок Мен кечирилгем. Чынында Жакып, мен мындай кубанычты эч качан сезген эмесмин. Ата, эс алыңыз. Мен сизге тамак алып келейин. Баары жакшы болот, көзүңүз көрөт. Далия, сен кайда кетип атасың? Мен кетишим керек, Мариам. Биз түштөнөлү да, анан Дөөт дагы көп нерсе айтып берет. Мунун баары мен үчүн өтө эле көп. Эмне ойлошту да билбей калдым. Мен болгону... болгону кетишим керек. Бирок... Жакшы калгыла. Далия. Далия! Бул тасмада өзүңдү кайсы каарманга көбүрөөк окшоштурдуң? Дөөткө түрмөдө эмне болду? Муса менен Далия, Дөөттүн айткандарын, эмне үчүн мындай кабыл алышты? Эми Дөөттүн жашоосунан кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот? Сен Кудайга кантип кайрылып калдың? Жана эмне үчүн?
JesusFilm