Rivka·5 / 12

The Wind and the Wells

Rivka and Laila board up the well of a widow, Amira. Sara asks why Laila continues to help Amira. She and her kids keep drinking the bad water from their own well and get sick. They could come and get fresh water from the town. Rivka says they used to. But it was a lot of trouble. Later Noura asks about the meaning of the Holy Spirit. The Holy Spirit is God's presence. Though they can't see Him, He's there like the wind. Noura says she doesn't feel Him all the time. But Mariam points out that if they felt Him all the time, they wouldn't really be living by faith. But that He's always there. When Mariam walks with Rivka back toward Amira's, they talk about how drawing water from a good well or a bad well is a choice. No matter the circumstances, people can choose whether to follow the Spirit or to follow their own way. Like the wells, we choose which nature to go to. We're able to confess our sin at the moment we're aware of it and thank God for His forgiveness. Then we can choose to surrender control of our lives to Jesus and rely, by faith, on the Holy Spirit to fill us with His presence and power.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Galatians 5:22-23

But the fruit of the Spirit is love, joy, peace, patience, kindness, goodness, faithfulness, gentleness, and self-control. Against such things there is no law.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
1 Corinthians 2:14-15

The natural man does not accept the things that come from the Spirit of God. For they are foolishness to him, and he cannot understand them, because they are spiritually discerned. The spiritual man judges all things, but he himself is not subject to anyone’s judgment.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
1 Corinthians 3:1-3

Brothers, I could not address you as spiritual, but as worldly — as infants in Christ. I gave you milk, not solid food, for you were not yet ready for solid food. In fact, you are still not ready, for you are still worldly. For since there is jealousy and dissension among you, are you not worldly? Are you not walking in the way of man?

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Шамал жана кудуктар. Биз кетишибиз керек. А мен кайра келем. Биз дагы келебиз. Менимче жетишет, Нух. Апа, кыйналып жатасызбы? Бир аз чарчап калдым. Апаң эс алыш керек. Жүрүңүз, сизди үйгө жеткирели. Эч нерсе эмес. Кечиргиле, кетпешим керек болчу. Буга кабатырланба, Лейла сен жатышың керек. Апа? Эмне болду? Амираны бүгүн көрүп келдик. Энең үчүн жол узак болуп аябай кыйналып калды. Апам ооруп жатканын, билесиң да, анын ордуна эмнеге барбадың? Кир жууп атып, кеткенин билбей калдым! Болду, кыздар, токтоткула! Мен өзүм баргым келген. Ал эмне эле кечке Амирага барып атат? Аларга жардам берем деп атып, өлөт экен. Алардын оорусунун аягы жок, бирок өздөрү өлбөй, муну дагы өлтүргөнү калды го. Сара, андай дебе. Ушундай, сен муну билесиң. Бирөө муну токтотуш керек. Амиранын үй бүлөөсүнө эмне болду? Сараныкы туура, алар дайыма эле оорушат. Апаң алардын кудугундагы суу булганган дейт. Аларды шаарга сууга барышсын деди. Анан алар аны угушуп, өздөрүнүн кудугундагы суудан бир нече ай ичпей калышкан. Ошондо баары жакшы болгон. Андан кийин... Алар болсо жол узак, кыйналабыз деп... кайрадан өздөрүнүн кудугундагы суудан ичип башташыптыр. Ошондо кайра ооруп калышты. Эмнеге, баардык убакытты, күчтү ушул акылсыздарга коротушуң керек? Ал азырынча түшүнбөйт. Сага болгон сүйүү көзүн жаап салган. Сара үчүн кабатыр болбо. Эс ал. Суудан ичип ал. Эми укта. Укта. Жүрү, кызым. Атаң сени улуусу деп дайындаган. Сен апаңды токтотушуң керек. Токтотушум керекпи? Ал мени чын эле угат деп ойлойсуңбу? Эгер ал Кудай айтты деп билсе, Ал эмне айтса ошонун баарын кылат. Андай эмес. Апам сени деле угат. Ривканын үйүндөгү бул чогулуштарга барба деп көп айткам, бирок... Келегой жардам берейин. Бирок ал дагы эле барат. Сен дагы, Мариам да. Бул башкача. Оо, ошондой дейсиңби? Дөөт ушундай дегенине өкүнөм. Эсимде, күйөөмө күйөөмдүн агасы Рим үчүн салык чогултуучу болбо деп эскерткен. Арун болсо бул жумуш ага болгон сыйды кетирет деп корккон. Ошондуктан ал бул жерде иштеп, Тивериадагы үйдө калбады. Агаңдын мени жаман көргөнгө себеби бар. Сара, сени ушу жерден табасың деди эле. Оо! Нора-эже! Кандайсыз! Жакшы. Өзүңчү? Мен дагы. А сенчи Мариам? Апам кайра ооруп калды. Ой, жаман болуптур. Бирок башкасы жакшы эле. Рахмат. Ривка, сенден бир нерсе сурайын деп келгем. Сурап? Эмне жөнүндө? Ыйык Рух жөнүндө. Оо! Жакшы суроо экен. Сен билесиң, мен сага, эч качан оңой суроо бербейм. Аа жөнөкөй нерсенин баарын түшүнөм. Албетте. Бул жерге отуруп туруңуз, Мен Мариамга кир жайышкыча. Сонун жел. Бул, Ривка, сен айткан Ыйык Рухту, мен кантип түшүнөм? Оо, Түшүнөсүз... Ыйса асманга көтөрүлгөнгө чейин Ага ишенгендер менен дайыма болоорун шакирттерине айткан. Денеси эмес, бирок Анын Руху, Ыйык Рух, биз менен дайыма болот. Ошентип биз Аны көрбөсөк да Анын бар экенин сезебиз, Шамалды сезгендей. Шамалга кийимдер кандай кыймылдап, желбиреп учуп жатканын көрүп жатасызбы? Анан шамалды денен менен сезе аласың. Кийим, жалбырак шамалда кыймылдап жатканын көрө аласыз. Жайылган кийимдерден, бак-дарактардан, шамал болуп жатканын денебиз менен сезебиз. Мүмкүн эмес шамалды көргөнгө, бирок биз аны сезе алабыз. Так... ошондой эле Ыйык Рухту биз көрө албайбыз, бирок Анын биздин жаныбызда экенин сезебиз. Биз дайыма дүйнөгө жана адамдарга Анын таасири тийип жатканын көрө алабыз. Жана жашообуздан дагы. Ал биз менен экенин сезем, бирок дайыма эмес. Эгер Аны дайыма сезип турсак, менимче ишеним менен жашабайт элек. Туура Мариам. Сезим эмес, ишеним менен жашайбыз. Бирок биз Ыйык Рухтун күчүндө жашаганга ар дайым чечим чыгара алабыз. Бул, кемеде шамалдын күчүн тосуп, жол жүргөнгө окшошбу? Менимче, ооба. Шамалдын агымын тосуш үчүн, кеменин желдемесин жайыш керек болот да. Бул болсо ишенимдин иши. Качан кана Кудайдан суранып бизди Ыйык Рухтун күчүнө толтур десек, Жашообузга багыт берип, жетектеген күчкө. Ошол ишеним сыйынуусу болот. Аа, ал эми кудуктан суу чыгаруу - бул Ыйык Рухка толгондойбу? Бул эмнени түшүндүрөт? Шаардагы кудуктун таза суусу сергитет жана өмүр берет. Амиранын кудугунда суу жаман болгон, бул кээде мага окшош. Кудай буйруганды кээде кылгым келбей калганын айтамда. Кээде жек көрөм же каарданам. Бул жаман кудукка окшош эмесби? Окшош, деп ойлойм Мариам. Амиранын кудугу эмне болду? Мариам айткандай, Амиранын кир кудугу биздин эски күнөөлү табиятка окшош, ал табият өзүн сүйгөн, аябай арамза, жалганга толгондугун билгизет. Ал эми шаардагы кудуктагы таза суу Кудайдын Рухуна окшош. Бул жөнүндө ойлон. Ыйсанын биз үчүн курман болгонун кабыл алганда, биз Кудай менен баарлашканда, Ыйык Рухту жүрөгүбүзгө, жашообузга кабыл алабыз. Бизди Кудай Өзүн укканга мажбурлабайт Кааласак күнөөгө түрткөн биздин эски табиятыбызды тандап жашасак болот же болбосо, Ыйык Рухтун күчүндөгү Бизди адилеттике жетелеген Кудайга жаккан жашоону тандай алабыз. Ыйык Рухтагы жашоону тандаган кээде кыйын. Амиранын үй бүлөөсү үчүн шаардагы таза кудукка күнүгө баруу ыңгайсыз болгондой Бизге мурунку адат, каалоолор ыңгайлуу, «эски кудук» сыйяктуу Бирок эгер эски жолду тандап кайрадан жаман адаттарга кайрылган болсок, Кудай алдында күнөөлөрүбүз үчүн тобо кылып туура эмес экенибизди Ага айта алабыз. Ошондо кана кайрадан Ыйык Рухтун күчү болгон жашоонун жаңы, таза булагын ала алабыз. Анан баары кайра оңолобу? Ооба, кымбаттуум, Эми биздин Теңир менен болгон мамилебиз жакын, кайрадан таза. Бирок күнөөнүн кесепетин көрөбүз. Анан көп учурда ошол кесепеттери менен жашап калабыз. Мен бүгүн эски кудуктан суу алып алдым деп ойлойм. Кандайча? Мен апам Амирага барганы үчүн ачууланганымда, ачуумду чыгарыш керек болду. Апам ооруп жаткандыктан, ошону сенден чыгарып алдым. Аның туура эмес болгон. Кудайга... бул жакпаганын билип эле турдум, бирок баары бир токтобой сага кыйкырдым. Сен мени кечиресиңби, Мариам? Оо, Сара. Мен дагы эски кудукка бир нече жолу барып алдым. Шамал? Кудук? Мен сени түшүнбөй жатам. Ушунчалык көп түшүнбөстүктөр бар, Кудайдын Ким экендиги, дүйнөгө эмне кылганы акылыбыз жеткис нерсе Сиз үчүн эң негизгиси, Ыйык Рух Ар дайым биз менен экенин түшүнүшүңүз керек, Нора-эже Баардык учурда Ар күнү. Ыйса дайыма биз менен болуусун убада кылган. Ал эч качан бизди таштабайт жана калтырбайт. Ал Ыйык Рух аркылуу Өз Сөзүнө ишенимдүү. Биз эми жалгыз эмесбиз. Биз дайыма Анын алдында кылган күнөөлөрбүз үчүн кечирим сурай алабыз жана Анын терең кудугунан жаңы таза күч ала алабыз. Кудай мени менен. Бул ушундай укмуш. Ооба, ооба, туура айтасыз! Апама барайын. А мен үйгө барайын. Бул силердин булак жөнүндө сөзүңөрдү, менимче... Лейла мага айткан Ыйсанын тирүү суу берээри жөнүндө. Ал Ыйык Рух жөнүндө айтканбы? Ооба. Ооба. Ыйса бир жолу Самариядан кудуктун жанында бир аялга жолуккан. Магдалалык Мариам ошол жакта болчу. Ошондойбу? Мариам анын жүзү өзгөрүлгөнүн айткан. Ыйсанын сөздөрү анын жашоосун толугу менен өзгөрттү. Ошондо ал Ыйса айтып берген тирүү суунун булагынан алып ичти. Бул жөнүндө бир нерсе билем. Качан жашоомду Ага тапшырганда ички тазалыкты сездим. Тунук, таптаза муздак суудан ичип, кайра, кайра жуунуп жаткандай болосуң. Бул суудан токтобой иче бериңиз, эжеке. Эгерде өзүңүздү андан алыстап бара жаткандай сезсеңиз, Ага кайрылып сизди ажыратып жаткан нерсени айтыңыз. Жана дем алып, Ыйык Рухкка кайрадан толуңуз. Мындай нерсе бир эле жолу болбойт; Бул улам, улам кайталанышы мүмкүн. Ушул жылдар бою... Ушундай жашаарымды эч качан билген эмесмин. Балким сиз ушул тирүү сууну аябай баалайсыз, анткени көптөн бери ансыз жашагансыз. Эми болсо мен кетишим керек. Мен Амирага келем деп убада кылгам. Лейла кандай экенин көргүм келет. Сиз менен барсам болобу, эже? Ооба, кымбаттуум. Ривка эже, сиз эски кудуктан суу ичтиңиз беле? Албетте, Мариам, Качан? Эми... Күйөөмө айтып алган кээ бир сөздөрүм үчүн аябай өкүнөм. Мен да Сара менен Дөөткө айткандарыма өкүнөм. Бирок, чынында, алар мени өздөрү мажбурлашты! Алар мага жаш баладай мамиле кылышат. Оо, Адамдар мажбур кылышат. Мында эч кандай шегим жок. А бизде дайыма тандоо бар. Алдыдагы эки жолду карачы. Биз каалаганыбызды тандай алабыз. Сыйынууда биз Кудайга кайрыла алабыз. Өзүбүз жасай албаган нерсени жасаганга күч бер деп сурай алабыз: Бизге жакпагандарды сүйгөнгө жардам берүүсүн, же кыжырыбызга тийгендерге чыдамдуулукту, же болбосо ичибиздеги акырын чыккан, бизди Кудайга жетелеген назик үндү укпай калып, Анын оордуна жинденип, кимдир бирөөгө атырылып, жийиркеничтүү, абдан жаман иштерди, жасап алабыз. Боорукердик жаш өткөн сайын оңой келе баштайт. Эми, мен ойлойм, жакшы же жаман адатты, өзүбүз эле кылып алабыз деп. Кудайга болгон моюн сунуубуз, ыраазычылыгыбыз канчалык көп болсо, ошончолук Кудайдын үнүн угуп Анын Сөзүн аткарган оңой болот. Бирок бул жолдо жүргөндө дайыма азгырыктар болот. Мен ушул жолду тандайм. Эми, бул жол мени Амиралардыкына кайра алып келбейт. Билем. Мени менен сейилдегениңе рахмат. Шамал менен Ыйык Рухтун кандай окшоштугу бар? Кудук тууралуу Амиранын окуясы, биздин Кудай менен болгон жаңы жашообузду кандай чагылдырат? Акыркы жолу «эски табиятыңдын» азгырыгына качан туш болдуң эле? Анын кесепети кандай болгон? Жаман адаттарды кантип өзгөртсө болот? Ыйык Рух жөнүндө жаңы эмнени билдиңер?
JesusFilm