Эпизод
Daily Bread
22 мүнFHD
3 / 12Клип 3 / 12Rivka · 12 бөлүм
Daily Bread
Mariam eats in the fields with Dawud. When she walks back, she spots a young man named Yacoub struggling with oxen in the field. But at home, Moussa tells her that his cousin has proposed a marriage. She tries to tell him a marriage to Enoc wouldn't work. But he doesn't understand. When Moussa asks why, she answers that Enoc doesn't follow Jesus. Moussa gets upset and says he doesn't claim to follow Jesus either. Will she disown him too? Laila tells Mariam the Word is their hope and nourishment. Mariam wonders how to live in faith. But Laila says God will provide that too.
СуроолорТектеш суроолор
Өзүңүздүкүн сураңызЫйык Китептеги цитаталар
Бөлүшүү2 Timothy 3:16
All Scripture is God-breathed and is useful for instruction, for conviction, for correction, and for training in righteousness,
Berean Standard Bible
Public Domain
Кененирээк окуу...Транскрипт
Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка
Күнүмдүк нан.
Атабыз эртең кетип атат.
Билем.
Рахмат.
Өш! Өш ай!
Ээ! Токтогула!
Токтогула! Кантет!
Аай!
Кана, баскыла, баскыла.
Мариам кайда?
Ал келатат.
А сенби, Мариам.
Бүгүн үйүр кандай?
Дөөт баарын жакшы деп айтты.
Жакшы, эң жакшы
Мариам,
Эми мен жокто,
апаң эжең үчөөңөрдө чоң жоопкерчилик.
Билем, ата.
Мен керектүүнүн баарын кыла алам.
Сен бойго жеттиң.
Сен биз менен дайыма болбойсуң, өзүң билесиң.
Ата, мен кеткенге шашпайм.
Ооба.
Менин бөлөм
Жунус
кечинде мени менен сүйлөшкөн.
Эмне жөнүндө?
Сени менен анын уулу Энох жөнүндө.
Тойду ойлонууну сунуштады.
Үлпөт той!
Ага эмне дедиңиз?
Алар
жакшы үй бүлөө
Анын баласы Энох – жоопкерчиликтүү жаш жигит.
Бирок мен ага кантип тийем?
Сен эмне деп турасың?
Ал мага таптакыр окшош эмес да, ата.
Биздин оюбуз эки башка.
Оюңар эки башка?
Мага бир нерсени айтпай жатасың?
Ал сага жаман мамиле кылдыбы?
Жок, албетте жок, ата. Андай эмес.
Жакшы. Анда муну кеткенге чейин бүтүрөйүн.
Оо, апа, Энохко турмушка чыгалбайм. Бул туура эмес.
Кандай туура эмес?
Дүйнө жаралгандан бери бул туура болуп келген.
Менин бөлөм Жунус, жакшы үй бүлөө, а Энох мыкты жигит!
Менин татынакай Мариам кызым
Эмнеге туура эмес?
Бирок
Ата, ал Ыйсага
ишенбейт да.
Сен мага күлүп жатасыңбы?
Мен бул назареттик Ыйсага ишенбейм! Сен эмне,
өз атаңан баш тартасыңбы?
Сен жана курдашың экөөң кызыма эмне деп койгонсуңар?
Мариам, эжеңе барчы.
Сенин кызың
Энох
Ыйсага ишенбегендиктен, ага тийбейм деп баш тартып жатабы?
Мен билем, сен кызыңа эң жакшыны каалайсың Муса.
Сен ага тандаганга мүмкүнчүлүк берсең боло?
Тандаганга?
Энох эң жакшы тандоо.
Ал кадыр барктуу жаш жигит, анын атасы...
менин тууганым, менин бөлөм.
Ал мага сунуштады.
Алар Марииамды жактырып жатышат.
Башкага караганда сага Жунус менен макулдашуу оңойураак эмесби?
Ооба, оңойураак.
Жашоомдо жок дегенде бир нерсе оңойураак болбойбу?
Ал сен үчүн оңойураак, Муса.
А Мариамгачы?
Бул өмүр бою да.
Өмүр бою жалгыз болуп калсачы?
Бейрутка эртең кетесиң.
Ал болсо жапжаш.
Муну келгениңде сүйлөшөлү.
Келбей калышым мүмкүн.
Наумду эстечи.
Кой антип айтпа.
Мен багуучуңармын,
Үй бүлөөнүн башымын.
Мен бул жөнүндө ойлонушум керек.
Аюб менен Дөөт бул жакта калат.
Дөөт...
Аны эртең камап коюшу мүмкүн.
Мен бул жөнүндө кам көрөм.
Кантип?
Унутуп койдуңбу?
Кандай жаман болгонуңду?
Мен аны унута албайм.
Кудайга ишенишибиз керек. Ал кам көрөт.
Ал кантип кам көргөн?
Ал дайыма кам көргөн.
Мына
ушундай кам көргөн.
Мен эми жок болом.
Муса, Мариамды ойлочу, анын сезимдерин түшүнчү.
Бул ишти коё турчу.
Кудай кам көрөт.
Жунус бөлөмө, эми эмне дейм?
Бир нерсе ойлоп табаарсың.
Ал эмне деди?
Кабатырланба.
Менимче кеткенге чейин ал эч нерсе деле кылбайт.
Малдай болуп калышыбызды каалабайм.
Эмне дегени турасың?
Ушул таңда
Жакып өгүздөрдү айдап жатты.
Алар бир моюнтурукка чегилсе да, экөө эки тарапка тартып жатышты
Бирок ордунан жылышпады.
Энох экөөңөр ошондойсуңарбы?
Ошондой эмеспи?
Мен Ыйсага ишенем, аа ал болсо ишенбейт да?
Туура айттың, Мариам.
Анан, сенин эжең кандай?
Чарчады,
Ооруп атат,
Бирок багынбай эле.
Аа.
Эч нерсе эмес, жаман сезип жатса, демек бала жакшы эле экен.
Мен атамды сагынам.
Ооба.
Атам – жакшы.
Бирок ал Ыйсага ишенбейт.
Баары өз убагында, кымбатым.
Мен кээде түшүнбөйм.
Энохкко тийбейм деп атамды капалантам.
Меники туура деп үмүттөнөм.
Бирок андай болбосочу?
Биздики туура эмес болсочу?
Ыйса туура жол экенин кантип билсе болот?
Анын сөздөрү чындык экенин кайдан билем?
Анткени алар миң жылдар мурун
алдын ала айтылган.
Кудай дүйнөнү жаратканда,
Адам менен Обо Ага каршы күнөө кылышкан,
Кудай аялдын тукуму жыландын башын жанчыйт деген.
Бир күнү... анын тукумунан Бирөө
күнөөнүн жана шайтандын бийлигин талкалайт.
Ыйса келгенге чейин көп жыл мурда,
Кудай пайгамбарлар аркылуу сүйлөгөн.
Ышайа пайгамбар
Машайактын кыздан төрөлөөрүн жар салган.
Михей пайгамбар мындай деп айткан,
Ал Бетлехемде төрөлөт
Анын мааниси «нан үйү».
Ыйса – биздин үмүтүбүз
жана азыгыбыз.
Ошондой эле Ышайа пайгамабар айткан
Машайакты жек көрүшүп, четке кагышат.
Ал биз үчүн азап чегип өлөт деген.
Бизге келүүчү
азаптарды Өзүнө алып, кыйналган
Башыбызга келчү кордукту көтөргөн.
Ал күнөөбүз үчүн жараланып.
Биз үчүн жазаланып кыйналган.
Бирок
Анын азап чегүүсү аркылуу куткарылдык.
Анын жараттары аркылуу биз айыгуу алдык.
Ошентип Ыйса уятыбызды Өзүнө алды.
Ал өлгөндөн тирилип, Обого убада кылгандай,
шайтан менен өлүмдүн бийлигин жок кылды.
Ыйса Өз жашоосу,
өлүп тирилүүсү аркылуу Кудайдын убадаларын толугу менен,
аткарды.
Мариам, биз Жазууларга ишенсек болот,
алар чындык экени далилденген.
Бул Кудайдын Сөзү.
Кудайдын Руху менен жазылып, сакталып келген. Өз Сөзүн
Кудай ар дайым таза сактаган.
Сөзү биз үчүн азык,
Наныбыз.
Нандан да артык.
Элчи Пабыл Ыйык Жазуунун баары Кудайдын Руху менен жазылганын,
чындыкка үйрөтүү,
күнөөлөрдү ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн
туура жашоого пайдалуу экенин жазган.»
Сиз Ыйса жана Ыйык Жазуу жөнүндө айтып жатканда
мен ишенем.
Бирок бул ишенимди жүрөктө дайыма кантип сактайм?
Ишенгенимдей болуп кантип жашайм?
Мариам бул сенин жолуң.
Кудайдын Сөзүнө ишенгенди
жана баш ийгенди үйрөнүп ишенимде өсөбүз.
Эгер сен күнүгө Кудайга өзүңдү тапшырсаң,
сага керектүү ишеним менен акылмандуулукка ээ болосуң.
Дөөт,
жакшы элесиңби?
Кантип жакшы болоюн,
Агриппанын сепилин куруу үчүн, атам бизди таштап кетип жатса?
Дөөт...
Мен кетиш керек экенимди билесиңда.
Дөөт уулум, сен болсо энеңе, бир туугандарыңа кам көрүшүң керек.
Уулум, ушуну убада кыл.
Аракет кылам, ата.
Мен сага ишенем.
Ата, жакшы барыңыз.
Кудай сен менен болсун.
Ушул сыяктуу болгон абалга сиз кандай карайт элеңиз?
Мариам маанилүү нерселерге атасы менен макул болбосо дагы, ага кантип сыйын көрсөтүп жатты?
Мариамдын шектенүүсүн жеңгенге, апасы кантип жардам берди?
Чындыкты кантип антыктап биле алабыз?
Ишеним менен шектенүү жөнүндө, бул эпизод эмне айтат?