2 / 16Relationships · 16 бөлүм

Friends and Enemies

A frustrated Sara talks with Rivka about her hatred for the thieves who hurt Ayoub and stole half their flock. Rivka encourages her to forgive them. Mariam admits she hates the Romans. Rivka points out that Jesus said to love our enemies. She says forgiveness isn't a common thing in the world. And that Jesus forgave us, even while He was still on the cross. God sets the example for us. While we were still His enemies, He did the most loving thing He could do: He sent Jesus to die for us so we could be reconciled with Him. Jesus also prays for and forgives everyone around Him as He hangs on the cross: "Father, forgive them. They don't know what they're doing" (Luke 23:34). There are many people in life we won't be friends with. Jesus actually promised us that as His followers, we would definitely have enemies. But like God the Father and like Jesus, we should remember to pray for them. We should forgive them because we know what real forgiveness is, thanks to God. And like everything else, we can't do any of that in our own power. We must be filled with the Spirit.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Luke 23:34

Then Jesus said, “Father, forgive them, for they do not know what they are doing.” And they divided up His garments by casting lots.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Romans 5:8

But God proves His love for us in this: While we were still sinners, Christ died for us.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Достор жана душмандар. Аюб кабатырланып жатат. Жакып болсо үйүрүбүздүн жарымын гана таап келиптир. Калгандары уурдалып же жоголуп кетишти. Аюб ушунун айынан Антиохияга көчүп кеткенге акча жетпей калат деп коркуп атат. Эгер биз аларга кол салгандарды тапсак, билбейм эмне кылмакмын. Жакын адамдарың кыйналганы абдан кыйын Кыйын? Мен жөн гана ал адамдарды жек көрөм. Сара. Эсиңде болсун кызым, аларды жек көрүү өзүңө гана жаман. Баары бир сен аларды кечиришиң керек. Мен билем. Бирок кээде кылышым керекти кылгым келбейт. Оо. Түшүнөм, бул кыйын. Ривка! Кайдасың? Ривка. Бүгүн башчы менен жолугам... Бул ким? Арун, бул менин жакын курбум Сара. Дагы сенин курбуларыңдын бириби. Ривка. Эгер бул арамза Михей мени издесе, эшикти ачам деп ойлобо. Ал ууру, калпычы. Аны көргүм келбейт. Көргүм келбейт. Алар каалагандын баары, акча гана. Сара. Арун. Мени менен талашканга кандай акың бар, Ривка! Аны кечир дейсиңби? Сенин «руханий» сөздөрүң аялдар үчүн, мен болсо бул дүйнөдө жашаган адаммын. Мен билем душманым ким экенин! Анын кылган ишин кантип унутам? Михей болгону аракет кылган... Ай! Эшикти ачам деп ойлобо, Ривка. Анан ушундай «досторуңдан» сак бол. Көрүшкөнчө. Арун! Мен кеч келишим мүмкүн, кымбаттуум. Оо, кымбаттуум ыңгайсыз болуп жатам. Эмне дешти билбейм. Күйөөмдү абдан сүйөм. Ал үчүн сыйынам. Бирок кээде аны менен сүйлөшүү ушунчалык кыйын. Сиз апама окшоп суйлөп атасыз. Ривка Эже. Сара артка азыр кайт! Атам үйдө! Үйдө?.. Кеткенине үч ай эле болбодубу. Кырсык болду; анын көздөрү... Анын көздөрү? Эже биз менен бара аласызбы? Албетте барам. Рахмат. Оо. Оо! Менин сүйүктүүм! Сен бул жердесиңби же түшүмбү? Ооба. Бул жердемин. Бул түш эмес. Алар сага эмне кылышты? Кырсык болду, Лейла. Таштын сыныктары келип көзүмө тийди. Муса. Сенин көздөрүң? Жамандык жалгыз келбейт... Ириңдеп баштады. Эгер ошол кезде эшикте отурган желдет болбогондо... мен да өлмөкмүн. Биз, биз аны ыраазы кылышыбыз керек. Ага бир нерсе даярдайын дедим эле. Жок. Биздин кыздар ага кам көрөт. Мариам Сара эжесине кетти. Ата? Сара? Ата! Жок, турбай эле коюңуз. Үйгө келгениңиз жакшы болду ата. Отуруңуз. Ооба. Эшиктеги ким? Анын аты Тит. Аны тамакка чакырышыңар керек. Ал мени үйгө алып келди. Бирок, ата. Ал римдик жоокер эмесби. Ооба. Билем, ооба. Ал болбосо мен азыр Бейрутта мындан да жаман абалда болмокмун. Бул жоокерге өмүр бою карызмын. Ага... үйдөн тамак беришибиз керекби? Ооба, үйдөн. Маакул, ата. А бирок, ата, Бирөө келип, көзүңуздү көрүш керек. Ривка эже бул жерде. Ал көрө алат. Бул аялбы? Эч кандай болбойт. Андан көрө өлгөнүм артык! Оо, Муса, Ал болбосо, эмгиче өлүп калмакмын. Сен аны билесиң. Ал бул жерде, апа. Сен – көк бет чал! Сен римдикке тамак берейин дейсиң да, жакшынакай Ривканы кабыл алгың келбейби? Күйөөсү ким экени маанилүү эмес, Ал жакшы аял жана жакшы курбу. Ата, үйдө болгонуңузга сүйүнүп атабыз. Сизге кам көрөлү уруксат этиңиз. Ривка эже сизге жардам берсин. Анын мага колу тийгенин каалабайм! Ал сизге тийбейт деле, ата. Көзүңүздү эле карап койсунчу. Ривка эже, капа болбоңузчу. Кабатырланба, кызым. Мен түшүнөм. Өтүнөм кетпеңиз. Сиз аны карасаңыз болот деди. Колуңузду тийгизбей эле, мага айтып бериңиз, калганын мен жасайын. Маакул, Жүрү көрөлү. Көзүңүз ооруп атабы, ата? Жок. Ооруган жок. Менимче, үйдө таңбай эле койсом болот. Ириңдеп кетиптир, ата. Жаңыдан таңып берейин. Сен, бир нерсе көрүп атасыңбы? Жок. Жок али. Ата, сиз жатып, эс алышыңыз керек. Көпкө жол жүрдүңүз. Ооба, ооба. Дөөт кайда? Өтүнөм, ата. Римдик кеткенден кийин. Эмнеге? Эмне болду? Ата, биз сизге анан айтабыз. Анда Энох жөнүндө сурайын, тууганыбыз Жунустун баласын, Жунустун. Жол бою, ушуну гана ойлоп келдим силердин тоюңарды, Мариам. Ата, Энох мени кызыктырбайт. Аа! Билгем. Анда, башка жигитиң барбы? Лейла, анын чечимин туура дейсиңби? Ооба, кымбаттуум. Чынында, Муса, ал кызыгабы же жокбу азырынча билбейбиз сен жокто, ал бизге жакшы эле жардам берип жатты. Ал ким, Жакып? Ооба. Жакып. Жакшы. Бул деле жаман эмес. Сага эс алыш керек. Барагой. Рахмат. Сиздин оюңузча, атам бир күнү кайра көрүп калабы? Аны айта албайм ириңди көпкө чейин дарылабай жүрө берип күчөп кеткен. Атам римдик жоокерди үйгө алып келгенине ишене албай жатам. Римдиктерди жек көрөм. Римдиктерди, Ыйса жек көргөн деп ойлойсуңбу, Мариам? Ыйса эмне дегени эсиңдеби? Ал айткан, душмандарыбызды сүйүшүбүз керек деп. Мына ушул бизди айырмалайт. Дүйнөдө, адамдарга кечириш ушунчалык оор, анан алар жакшылыкты жакшылык кылганга гана кылышат. А Кудай бизди душман кезибизде сүйгөн бизден да ошондой ишти күтөт. Бизге жамандык кылгандарды сүйгөндү. Айкаш жыгачтагы Ыйсаны ойлогондо... Ал жада калса Аны кыйнап өлтүрүп жаткандарды да кечирген. Ал сени да, мени да кечирет. Эгер Ал биз үчүн ушундай кылса, биз да таарынткандарыбызды кечиришибиз керек эмесби? Атама жардам берип жатканда, ушуну сезесизби? Оо. Сиз душманыңызды сүйөсүзбү? Сенин атаң мага душман эмес, кымбаттуум. Ал өзү ошондой деп ойлойт. Бул майды атаңдын көзүнө таңаардын алдында сыйпа. Ооба. Душмандарды сүйүү, оңой эмес. Эч ким оңой болот деп айткан эмес. Ал үчүн сыйынышың керек. Ал үчүн сыйынышым керекпи? Оо! Жакып. Кел кир. Баары жакшы. Жолго чыгаарда тамак берип коёлу дегенбиз. Эшикте ким? Ким келди? Бул, бул Жакып, ата. Оо, Жакып. Мына өзү келди! Кана, аны бери чакыр. Атаң үйдөбү? Ооба, бирок ал көрбөйт. Ал көзүн кокустатып алды, ириңдеп – анан көрбөй калды. Бирок убактылуу гана эле. Ии, жаман болгон тура. Жүрүңуз, ата сизге жардам берейин. Эмнеге келдиң эле, ии, Жакып? Хм, эми, мен... Талаада мал караганга жардам берип жүргөм, байке, анан... Эмне, тилиңди жутуп алдыңбы? Аа, мындай боло берет. Байке? Атаңчы? Ал кандай? Абдан жакшы, рахмат. Өзүңүз кандайсыз? Жакшы эле. Аа... Жаман болуптур. Мен кетишим керек, байке. Ооба, ооба. Мага башка эч нерсе айткың келбесе, анда бара бер. Жакшы калыңыз. Мага да эч кандай көйгөйдүн кереги жок. Түшүндүңбү? Баарын туура кылыш керек. Рахмат. Жакшы калыңыз. Мариам. Мариам. Байкең өткөн түнү келип кеткен. Иштериңер кандай деп сураган. Ага бир-нерсе деп коёюнбу? Рим жоокери жөнүндө айтпа. Атасы кайтып келгенин айт. Аны кайра келсин дейинби? Жок. Ал өзү келет. Рахмат, Жакып. Мм... Мага ыңгайсыз... Хм, мен айтайын дегеним атам жана... Эч нерсе эмес. Тамак болсо даяр. Биринчи жоокерди тамактандырабызбы? А... качан...ал бүткөндө... анан биз тамактанабызбы? Грациас. Эмне үчүн адамдар бири-бирин жек көрүшөт? Сүйүү көргөзгөн адамыңарды эмне себептен сүйүп жатасынар? Жакшылык кылганы үчүн элеби же...? Мусанын четке какканын Ривка кандай карады? Ыйсанын сөздөрү сүйүү жөнүндө эмне дейт? Ыйсанын бул сөздөрүн жашооңо кандай колдоно аласың?
JesusFilm