10 / 12Rivka · 12 бөлүм

The Dropped Stitch

Forgiveness is like the dropped stitch. If it's not fixed immediately, the hole of bitterness gets bigger and bigger. Jesus said people would suffer as He suffered for His name. Although Rivka teaches others, we see that she also struggles with sin. No one is perfect. Everyone needs Jesus. Responding to others as Paul teaches in the New Testiment to respond is a choice. Only in relying on the Spirit can that choice be made. And the choice has to be made despite how others are responding. The other person involved might not apologize. And they may never actually accept your apology. But their reaction shouldn't affect our ability to forgive and ask for forgiveness.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Colossians 3:12-15

Therefore, as the elect of God, holy and beloved, clothe yourselves with hearts of compassion, kindness, humility, gentleness, and patience. Bear with one another and forgive any complaint you may have against someone else. Forgive as the Lord forgave you. And over all these virtues put on love, which is the bond of perfect unity. Let the peace of Christ rule in your hearts, for to this you were called as members of one body. And be thankful.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Romans 12:14-19

Bless those who persecute you. Bless and do not curse. Rejoice with those who rejoice; weep with those who weep. Live in harmony with one another. Do not be proud, but associate with the lowly. Do not be conceited. Do not repay anyone evil for evil. Carefully consider what is right in the eyes of everybody. If it is possible on your part, live at peace with everyone. Do not avenge yourselves, beloved, but leave room for God’s wrath. For it is written: “Vengeance is Mine; I will repay, says the Lord.”

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Токулгандын сөгүлүшү Сара! Угуп атам, ата. Ал аялга мени алып барышың керек. Сиз кимди айтып жатасыз? Ата, ал кайсы аял? Ал Ривка. Ал жакка эмнеге барасыз, ата? Мен анын акмак күйөөсү менен сүйлөшүүм керек, бас. Ал кудайсыз менин баламды каматып салды. Ата, сиз билесиз римдиктер Дөөттү бир нече айдан бери издеп жатканын. Өткөн кеч абдан жаман болду, бирок, ата, Дөөт деген мыйзамды бузду да. Биз баарыбыз аны билебиз. Анда римдиктер анын бул жерде экенин кантип билишти? Мени менен талашпа! Мени ага алып бар. Мен сизди алып барам, ата. Келиңиздер. Муса, Аюб, кош келгиле. Өткүлө. Дебора, конокторго дасторкон даярдачы. Бул жерге, ата. Рахмат. Дөөт жөнүндө кандай кабарыңар бар? Бизде кабар жок, мен сенин үйүңдөн жебейм да, ичпейм да. Күйөөң, Арун кайда? Күйөөм жок. Ал таң эрте башчыга кеткен. Дагы жеткирип атабы? Ой, эмне айткың келип жатат? Түшүнбөй жатам. Сен биздикинде тойдо болгонсуңда, ээ? Анан тойдун аягына чейин жүрбөдүн беле? Суранам! Унчукпа! Биз деле Дөөтүн камалганына кайгырып атабыз. Арун бул ишти бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк издеп жүрөт. Акылсыз аял. Ал баарын жайгарды. Римдиктер баламды кайдан издешти кантип билет эле? Үй бүлөөң кече кечинде кайда болгонун бүт шаар билген. Баары белгилүү болчу. Римдиктерге жеткирүүчү керек эмес болчу. Сен мени менен минтип сүйлөшкөнгө укугуң жок, Муса! Жана менин күйөөм Арун жөнүндө дагы. Сага да, саткын күйөөңө да каргыш тийсин! Ата! Мени каргап жатасыңбы? Үй бүлөөңө ушунча нерсе кылсам да? Мага жана үй бүлөөмө жамандыктан башка эч нерсе алып келбедиң. Ривка эже, кечириңиз. Мен аны алып келбешим керек болчу. Сенсиз бул үйгө келалбагыдай, мени алсыз деп ойлодуң беле? Ошондойбу? Ошондойбу? Күйөөң экөөң өзүңөрдү баарынан жакшыбыз деп ойлойсуңар. Акча силерге ушундай бийликти берет деп эсептейсиңер. Силер биз үчүн жок адамсыңар. Уят! Сен өзүңдү гана уят кылып жатасың Муса. Акылсыз каргыштарың менен! Мырзайым. Мырзайым. Сизге дагы конок келди. Ким ал, Дебора? Жесир, Нора эже. Ммм, үйгө кирсин, макулбу? Өңүң жакшы эмес го. Эмне болду? Эшиктен Муса менен Аюбту көрдүм. Алар мени менен учурашканга токтоп дагы коюшпады. О, Нора эже. Мен, уялганымдан бул жөнүндө сүйлөшкүм да келбей турат. Эч нерсе деле эмес. Деги эмне болду сага, айтчы мага? О! Мына Токулган жери да сөгүлдү. Буну Саранын баласы үчүн токуп жаткам. Токто, кайра току, болбосо ыдырайт. Деги силерге эмне болду? Мм? Муса Дөөттүн камалганына кайгырып, ачууга алдырып күйөөм экөөбүз жөнүндө жаман сөздөрдү айтты. Анан, мен да ачууга алдырып ийдим. Антпешим керек эле. Албетте баары эле кайгырып атат. А сен өзүңдү жемелебе. Анын сөздөрүнө аябай ачуулангым келди. Ага орой жооп берип жаман сөздөрдү айткым келди. Так ошондой кылдым. Муса Дөөттүн камалганына Арунду күнөөлөп жатат, мени дагы, анткени анын аялы менен кыздары Машайакка ишенишет. Бул нерсени оңдой албайм. Коётур муну. Бирок, Ривка, мен ушундай абалда калсам сен мага эмне дээриңди билем. Эмне дейт элем? Сен аны кечир демексиң. Ооба, чын эле, ошентет элем. Бул токулгандын ыдыраганындай. Сен Мусаны ошол кылганы үчүн кечирбесең, сенин бул кайгыңдын жаракаты чоңойгондон чоңоё берет. Жүрөгүңдөгү Кудайдын тынчтыгын талкалайт. Ачуу менен кайгыга бир да убактыңды кетирбе. Ыйса Анын ысымы үчүн бизди жек көргөндөрдү эмне деп айтканы эсиңдеби? Эгер сени Машайак үчүн куугунтукташса, сен туура жердесиң. Сиздики туура. Бирок кээде бул аябай кыйын. Дагы мындай дегенсиң. Ыйса, эгер баардык адамдар биз жөнүндө жакшы айтса бул жаман деген. Мен бул сөзгө таң калгам. Башында бул сөздөр маанисиз көрүнгөн. Албетте. Эми мен Муса үчүн сыйынышым керек ага бата бергендин жолун табайын. Аа. Ооба. Рахмат, Нора эже. Мен эски адатымча адамдарды, анан Мусаны карап алдым окшойт. Ал үчүн азыр эле сыйынып кечирсең кандай болот, Ривка? Ата, мени Мусага ачууланганым үчүн кечирчи. Ага Сенин Ыйык атыңан бата берем. Ага ырайым кыл. Теңир Өз сүйүүңдү ага ачып берчи. Анын көзүн ачып айыктыра көр. Оо, Теңир, мен аны күйөөм экөөбүз жөнүндө айткан ар бир жаман сөздөрү үчүн кечирем. Оо, Кудуреттүү Кудай, мен аны толугу менен кечирем. Мени кемсинтип уят кылганы үчүн кечирем. Жүрөгүмдү ооруткан сөздөр үчүн жана мамилеси үчүн аны кечирем. Аны Кечирип атып мен да Сенден Улуу Кудайым, толук кечирим алганым үчүн ыраазымын. Теңир, рахмат! Кудайга даңк. Теңирге даңк! Рахмат сизге, эжеке. Рахмат, сиз мага чындап Теңирди ээрчигенди үйрөтүп жатасыз. Эми мен Мусага барып, ага ачууланганым үчүн кечирим сураганга даярмын. Бул туура деп ойлойсунбу, Ривка? Балким азыр барбай тураарсың. Ал сага ачууланып атат. Жок. Туура эмес кылгам. Кылган айыбым үчүн мен өзүм жооп берем. Эмнеге экенин билбейм, бирок, бүгүн, азыр барышым керек деп ойлоп жатам. Анда мен сени менен барайын. Жок дегенде, сыйынып коёюн сага. Эмне болду? Атам абдан ачуулу го. Ал ачууланып атат. Ал бир топ чыр чыгарды. Мен кейип турам. Силер кеткенде апам аябай жаман болду. Азыр уктап атат го дейм. Жаш жубайлар! Киргиле! Жакып жаңы эле камактан келди. Ал кандай? Апам кандай? Бүгүн мурдагыдан да жаман. Сара, кандай жардам бере алам? Каатуу эле сабашкан экен. Бирок өзүн кармап турат. Бийликтегилер эмне дейт? Римге каршы козголоң дейт. Кудай жардам берсин. Аны ушул үчүн өлтүрүшөт. Дөөт муну жакшы билет. Эмне болоорун деле билет. Муну ата-энеси кандай кабыл алды? Абдан жаман. Атасы кыжалатта. Апасы болсо... Апа. Эмне керек? Кандай жардам керек? Мен... Мен билбейм, кызым. Мен алсызмын, алым жок. Эс алынызчы. Кайда, атаң кайда? Ал тигил бөлмөдө. Ал жакшы. Атам үчүн кабатырланба. Нора эже. Ривка эже! Кандайсың, Аюб. Сиздерди жакында көрөм деп ойлогон эмесмин. Билем. Өкүнүп атам өткөн ишке. Аюб, ким келди? Кимдер келишти? Бул, ээ, Ривка эже менен Нора эже, ата. Эмне? О, эмне деген кордук! Аларга эмне керек экен? Мен кечирим сураш үчүн келдим Муса. Эртең менен өзүмдү ачууга алдырып... Азыр ошого өкүнүп жатам. О, Кудай, Кудай ай... Жардамга! Апа. Жакып, Аюб! Ата, жардамга! Апа? Апа! Жок! Жок! Жок, апа, кетпеңиз! Кайтыңыз! Апа! Сиз керексиз мага! Лейла! Кудайым, ай! Жок! Жок! Бул бөлүмдөгү каармандардан сени кызыктырган мамилесин сүрөттөп бер. Эмне үчүн таарынычты, токулган буюмдун ыдырап сөгүлгөнүнө салыштырат? Кудайдын көз карашы боюнча, туура деп эсептелинген ачууга алдыруу, жана таарыныч болобу? Эгер туура көрсөң, эмнеге? А туура көрбөсөң, эмне үчүн? Дегеле жашоодо боло турган өлүмгө, машаякчылар катары кандай карайбыз? Кимдир бирөөгө карата чечиле элек таарыныч көйгөйүң барбы?
JesusFilm