4 / 12Rivka · 12 бөлүм

Troubled Times

Mariam is concerned because people are saying the attack may have been because they follow Jesus. Everyone must choose, like the rich young ruler. The rich young ruler asked Jesus what he had to do to get eternal life. Jesus told him to sell everything and follow Him. Noura says she's heard what the town is saying but declares that she will stand with the family. Mariam says she will continue to choose to follow Jesus, no matter what. Rivka and Noura talk in the courtyard. Noura says she's been thinking about Jesus and finds herself believing that Jesus is the Messiah. Rivka asks if she's ready to give her life to Jesus and follow Him.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Psalm 46:1-2

For the choirmaster. Of the sons of Korah. According to Alamoth. A song. God is our refuge and strength, an ever-present help in times of trouble. Therefore we will not fear, though the earth is transformed and the mountains are toppled into the depths of the seas,

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Matthew 7:24-25

Therefore everyone who hears these words of Mine and acts on them is like a wise man who built his house on the rock. The rain fell, the torrents raged, and the winds blew and beat against that house; yet it did not fall, because its foundation was on the rock.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Бүдөмүк күндөр Сара! Эмне болду? Каракчылар. Козуларды уурдап кетишти. Муну катуу сабап салышыптыр. Аюб! Аюб! Эмне болду сага? Алар козулардын бир нечесин алып качышты, а калгандары чачырап кетишти. Бери киргиле. Үйгө киргизгиле. Акырын. Бул жерге жаткырсаңар болот. Аларды сабап коёюн дедим. Бул жерде турбай, кудуктан суу алып кел. Тезирээк! Сара! Дөөт кайда эле? Ал... жок болчу. Эмне? Ал үчүн жылуу төшөгүңдү таштап, сыз жерге жатып, кой кайтарып, жардам берип жүрөсүң, ал болсо сени жалгыз таштап кеттиби? Сара. Рахмат, Жакып. Мен кылган жакшылыкты Аюб деле кылмак. Эми тарап кеткен үйүрдү чогултайын. Далияны кудуктан көрдүм. Шаардагылардын баары билишет. Акырын! Анын колу аябай жабыркаптыр! Машайакка ишенгенибиз үчүн ушундай болду деп айтып атышат, деди Далия Аталарыбыздын жолунан кайтышты деп жатышат. Мүмкүн, алар биздин ишенимибиз үчүн мага кол салышты. Суранам Аюб, акырын. Бул... бул мүмкүн, ээ? Бүт шаар бизге каршыбы? Ыйса жакындары тарабынан четке кагылган. Аны өлтүрүшөөрүн билген, бирок Ал Кудайга моюн сунган. Тынчтан, кымбаттуум! Биз даяр болушубуз жөнүндө Ал айткан... дагы... Түшүндүм. Сен эс алышың керек. Аны эрчүү оңой эмес. Болду эми Аюб, суранам! кандай болбосун, ах Биз, билбейбиз качан тандаш керек, Жанагы Бай жаш жигиттей. Тынчтан. Сен эмне дээриңди билем. Ыйсанын артынан дайыма ээрчишибиз керек. Бай жигит Ыйсадан түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн эмне кылам деп сураган. Ал жаш кезинен Кудайдын осуяттарын сактап келгенин айткан. Ошондо Ыйса мындай дейт: «Дагы бир нерсе бар, колуңдагынын баарын сатып, Акчаларыңды жакырларга таратып бер, ошондо байлыгың асманда болот. Анан келип, мени ээрчи.» Ал тандаш керек болгондо Ыйсанын ордуна байлыгын тандаган. Балким баркыбыздан же эң жакшы жашообуздан айрылуу керектир? Мүмкүн. Бирок Ал бизди ээрчи деп мажбурлабайт. Билем, кымбаттуум. Эсиңдеби, Ыйса Эх... Ыйса айткан... эгер биз... эскерткен Анын сөзүн укпасак... аткарбасак... анда... биз кумга курулган үй сыяктуу болуп калабыз. Топон суу келгенде баарын жууп кеткен. Бирок таш үстүнө курулган үй... Бирок таш үстүнө курулган үй, - Бул Анын үстүнө курулган өмүр. Жамгыр жаап, шамал урушу мүмкүн Бирок ал үй эч качан кулабайт. Суранам, Жаным, эс алчы. Аюб! Эмне болду? Сен аны калтырдың эле, аны сабап кетишиптир! Эмне? Бул тирүү, бирок сен үчүн эмес. Эгер ал жакта Жакып болбогондо... Эч кандай айырма болмок эмес, байке... алар өтө көп болчу. Кечирчи, Аюб. Сен менен калсам болмок. Сен кайда элең? Мен бирөөгө жолугушум керек болчу. Таң атаардабы? Мен айтайын деп келдим. Силер жөнүндөгү сөздөрдү уктум, бирок ага көңүл деле бурбайм. Рахмат. Рахмат. Силер менин кошунам, досторумсуңар, мен силер менен биргемин. Шаарда эмне сөз болбосун мен Ыйсага ишене берем. Карыялар сага каршы чыкса дагыбы? Карыяларды дайыма урматтайм. Бирок Кудай алдында өмүрүм үчүн өзүм жооп берем. Ооба, Мариам барыбыз жооп беребиз. Аюб жөнүндө жаңы эле уктум. Ривка эже, келгениңиз жакшы болду. Келгениңизге рахмат Аюб, кандайсың, бир жериңди сындырыштыбы? Жакшы элемин. Жок, анын колу сынык деп ойлойм. Э-э, биз эгер... Баарын батыраак кылсак, шишигенге чейин сыныкты бириктире алабыз. Мм, Мариам, таза чүпүрөк керек, алып келчи. Юшам сыныкты бириктирмек. Мен жардам бере аламбы? Күчтүүрөөк бирөө керекко дейм. Дөөт? Кана, сен жөн кана ийинин... минтип кармап тур. Муну тиштеп ал. Рахмат, алтыным. Аюб, жакшы жигит. Ооба, жакшы жигит. Колу айыгып кетсин. Аны бириктирген сен, азаматсың. Сынык... аябай жаман болбогонуна кубанам. Балким, бир аз отуруп эс алаарсыз? Ооба, кымбаттуум. Абдан жакшы болмок. Кээде өтүшүбүз керек кыйынчылыктардан сынган бойдон калбаш үчүн. Биз ошентип айыга алабыз. Сиз... Аюбка караганда... жакшы түшүнөсүз дейм. Мен көп ойлондум... Назареттик Ыйса жөнүндө... сен айткан окуяларды да ойлоп жатам Ээ? Анын сөздөрү күч берет. Мен, уккандарым жөнүндө кечке ойлонуп жатам, ал сөздөр жүрөгүмду жылытты. Ал Ыйык, Улуу Кудайдан чындап жиберилген экенин түшүндүм, эми ишенем. О, Нора-эже, бул эң жакшы! Анын артынан ээрчигенге, өмүрүңүздү Анын колуна бергенге даярсызбы? Менин жашоом болбогон нерсе. Аз эле өмүрүм калды. Бирок, калганын, эгер Кудай кааласа, Кубаныч менен Ага берем. Албетте Ал каалайт. Ыйса Жүзүм багынын кожоюну жөнүндө бир үлгүлүү аңгеме айтып берди. Ал эртең менен эрте жумушчуларды, бир күмүш тыйын төлөп берүүнү убада кылып жалдап алып келди. Бул күнүмдүк жумуш акы эле. Түштө дагы башка жумушчуларды жалдады. Күн батаарга жакын калганда, жүзүм багына дагы башка адамдарды жалдап алып келди. Анан... төлөгөнгө убакыт келгенде... кожоюн ар бирине толук, бир күндүк акыны төлөп берди! Күнү бою иштегендер абдан нааразы болуп. Мындай дешти: «акыркы келгендер болгону бир саат иштешти, A биз болсо эртеден кечке, куйкаланган күндүн аптабында, кыйналып иштедик. А сен бизге канча төлөсөң, аларга да ошончо төлөйсүңбү?!» «Мен, - деди кожоюн, силерди алдаган жокмун. Өзүңөр бир күмүш тыйынга макул болгонсуңар. Мен өз акчам менен каалаганымды кыла албаймынбы? Же менин берешендигиме ичиңер күйүп жатабы?» Ыйса аңгемесин аяктап: «Ошентип акыркылар...биринчи, Биринчилер акыркы болушат» деди. Балким Кудайдын жүзүм багында сенин «эки саат» эле иштегенге убактың бар, Бирок жашооңдогу эн жакшы күндөрүң ошол болот. Ыйса өзүнүн шакирттерин, бизди, эч качан таштабайм деп убада кылган. Ал бул жерде, биз менен! Биз бул дүйнөнү таштап кеткенде... Аны менен түбөлүккө бирге болобуз. Ал жер, эң улуу, чоң кубанычтын жана даңктын жери! Оо, Бул мага, үй бүлөмө кыйынчылык алып келерин билем. Бирок айыгуу кыйынчылыкка турат да? Дал ошондой. Мени менен сыйынасыңбы, Ривка? Ооба. Кимдир бирөө сени менен макул болбой же каршы чыкса кандай карайсың? Кимдир бирөө менен ой пикирибиз келишпесе да, кантип ага урмат сыйды көрсөтө алабыз? «Бай жигит» жөнүндөгү аңгемеден Мариам эмнени түшүндү? Сен үчүн, таштын жана кумдун үстүнө курулган үйлөр жөнүндөгү үлгүлүү ангеме эмнени билдирет? Эгер жүзүмчү аңгемесиндеги каарман болсоң, кайсы жумушчу болоор элең жана эмнеге?
JesusFilm