Family·11 / 22

In the midst of trials, Mariam asks Rivka how to stay calm in troubled times. She says Jesus prayed even more during tough times. Jesus was on a mountain top praying. A man brought his son to the disciples to be healed. But the disciples couldn't do it. When Jesus came down from praying, He rebuked the disciples. He said, "This kind only comes out by prayer." Rivka says spending time with God, praying, learning from His Word, seeking His will, and worshipping Him is a way of life. So when life becomes difficult, we're prepared. Spending time in prayer isn't an obligation; it's a privilege. As Rivka says, Jesus often went away to be by Himself. He set an example for His followers by spending intentional time with His Father on a regular basis. As followers of Jesus, we're assured God's peace when we pray. This is how followers of Jesus endure trials and suffering in life: communication and relationship with the One who made us and reigns sovereign over everything.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Mark 1:35

Early in the morning, while it was still dark, Jesus got up and went out to a solitary place to pray.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Philippians 4:6-7

Be anxious for nothing, but in everything, by prayer and petition, with thanksgiving, present your requests to God. And the peace of God, which surpasses all understanding, will guard your hearts and your minds in Christ Jesus.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Козголоң убагындагы тынчтык Дөөт, бул жерде эмне кылып атасың? Акырын! Козуларды ким карап атат? Жакып карап атат. Эмне кылып атасың? Мен убактылуу көрүнбөшүм керек, кайра жашынууга кетем. Эмне? Сен бизге керексиң. Кантип ушундай кыласың? Мени римдиктер издеп атышат. Сени атам кете электе эле римдиктер издешкен. Сен эмне кылдың, Дөөт? Сага кылып жаткандарыбызга ыраазы бол. Иерусалимди кордогондордон бошотуш керек. Апам ойгондубу? Мен билбейм. Ал аябай ооруп атат. Дөөт, сен мындай кыла албайсың. Убактылуу кетип жатканымды ага айтышым керек. Атама убада бергенсиң. Мага атам жөнүндө айтпа. Ал римдиктерге жардам берип жатат. Ал ким мени соттогудай? Мен кыла турганды кылып атам. Баары жакшы болот. Аюб, Сара бул жерде. Жакып малдарга жардам бергенге макул болду. А Аюбтун колу... Ээ, койчу ээ! Сен эмнеге кала албайсың? Бул жакшыраак болот. Мен жакында келем. Сөз берем, апа. Эс алыңыз. Сакайып кетиңиз. Кудай сен менен болсун. Кандай акың бар? Бизди кантип таштап кете аласың? Мени даярданып жүргөн дейсиңби? Ачкыла! Ачкыла! Тур ары! Биз Муса уулу Дөөттүү кармашыбыз керек. Үйдөн, өйдө жактан издегиле! Бул эмне кылганыңар? Аюб! Сен кимсиң? Дөөттүн күйөө баласымын. Мен бул үйдүн улуусумун. Кана, аны таптыңарбы? Жок, мырзам. Ха, ха, ха. Мен муну таптым, бирок бул өтө эле кичинекей деп ойлойм. Кое бер аны. Оордуна муну алып кетебиз. Эмне? Бас! Мен эч нерсе кылган жокмун го! Бас! деп жатам! Аюб! Аюб! Кое бергиле аны, кое бергиле! Аюб! О, Аюб! Аюб! Жок! Сара! Сара! Жок! Баланы ойло. Жок. Сен Аюбка жардам бере албайсың. Андан көрө апаңа баралы. Эже? Ал эсин жоготуп коюптур. Биз тынчтанып сыйынышыбыз керек. Кудай баарын башкарат, азыр дагы. Желдеттер, Дөөттү издеп атышыптырбы? Ооба, апа, бирок аны табышкан жок. Ал качып кетти. Бирок Аюб! алар Аюбту анын ордуна алып кетишти! Оо, Кудайым, бизге жардам бер! Биз сыйынышыбыз керек. Ата, биз Сага Теңирдин, Куткаруучубуз Ыйса Машайактын атынан келдик. Биз Сага табынабыз. Сени даңктайбыз. Ушундай оор убактарда бизди калтырбаганыңа ыраазычылык билдиребиз. Аюб үчүн сыйынабыз Сага. Теңир, Аюбту желдеттерден куткар. Ага акылмандуулугуңду бер. Ырайымың менен жардам кыл. Анын жүрөгүн акыл жетпеген тынчтыгыңа бөлөй көр. Жана сактай көр Аюбту, суранабыз.. Биз эмне болуп жатканын түшүнбөйбүз, Бирок Өзүңдү даңктайбыз жана рахмат айтабыз, анткени биздин үмүтүбүз Сенде, бир гана Сенде. Рахмат, Ата. Ишенем Сага, Теңир. Эжеке, баары кыйрап жатса, сиз эмнеге тынчсызданбайсыз? Тынчтыгыбыз Кудайдан келет. Магдалалык Мариам бир нерседен коркуп же кыйналып жатканда, дайыма Ыйсаны үлгү кылып, жашаганын айтканы эсимде. Ыйса эч бошобой, чарчап турса дагы, же душмандар куурчап турса да, эртен менен эрте туруп, Сыйынуу үчүн өзүнчө жай тапканын айтып калчу. Кээде Ал түнү бою сыйынчу. Ал он эки шакиртти тандаарда дагы, түнү менен сыйынган. Аны башчылар камакка алганы келгенде дагы, катуу сыйынып жаткан болчу. Ал чындап эле сыйынуучу болгон. Бир жолу, Ыйса тоодо Петир, Жакып жана Жакан менен болгондо, Калган шакирттерге, бир киши баласын айыктырууга алып келген. Баланы... аябай калтырак басып, кээде өзүн отко да таштап ийчу экен. Тиги киши жинди кууп чыгууну өтүнсө да, алар андай кыла алышкан эмес. Ыйса шакирттерин ишеними аз үчүн жемелеп мындай деген: «Бул жин орозо кармап сыйынганда гана чыгат.» Ооба ошондой. Ал орозо кармап сыйынган жок, анткени буга чейин эле орозо кармап сыйынган. Ыйса жинди кууп чыгарды... анан бала айыкты. Ыйса, сыйынуу бул биздин жашообуз экенин көрсөткөн. Биз күн сайын сыйынышыбыз керек Кудай менен убакыт өткөрүп. Табынуу менен, Анын эркин издеп, Сөзү тууралуу ой жүгүртүп. Ошондо, жашоо кыйын боло баштаганда, а жашоо болсо чындап эле кыйын, эмне болгон күндө да, башыбызга келген кыйынчылыкка каршы тура ала турган ичибизде күч бар экенин билебиз. Сиз күнүгө эртең менен сыйынасызбы? Аракет кылам. Албетте, кээде бир нерсе тоскоол болушу мүмкүн. Бирок, бул менин адатым жана күнүмдөгү эң жакшы көргөн убактым. Кудай менен сыйынып убакыт өткөрүү биз үчүн милдет эмес, бул өзүнчө эле сыймык. Менин сыйынуум, кээде Кудай алдында күлкүлүүдөй сезилет. Күлкүлүүдөй? Оо, Мариам. Билесинби, алтыным, Кудайга кичине болсо да, чоң болсо да, баардык көйгөйлөрүң менен келгениң жага берет. Кудай Адам менен Обону жаратып, Эдем багына жайгаштырганы эсиңдеби? Ошондо Кудай аларды издеген. «Силер кайда жүрөсүңөр? Кайдасыңар?» деп. Бул Кудайдын жүрөгү! Ал сен менен болууну каалайт. Ал сенин эмне болуп жатканыңды башкалардан жакшы түшүнөт. Бирок... кантип бул нерсеге ишене алабыз? Ыйса жерге түшүп келип, бизге окшоп адам болду. Биз көргөндөрдү башынан өткөрүп чыдады. Биз сыналгандай, Ал да баардык сыноодон өткөн. Ал эч күнөө кетирбей жашаган. Ал жерге келип арабызда жашап кеткендиктен, бизди жакшы түшүнөт. Ал адам кезиге турган баардык кыйынчылыктардан өткөн. Ошондуктан Ал бизди абдан сүйөт. Ал биздин түбөлүктүү эң жакын Досубуз. Демек, сиз сыйынганда Ага баарын айтасызбы? Баарын, мен ишенем, Ал мени чындап эле уккусу келээрине шектенбейм. Мени дагы. Ооба. Биз падышалардын Падышасы менен өзүбүздүн жашообуз жөнүндө сүйлөшө алабыз. Сара! Аюб! Оох! А! Ох! Сен жакшы элесиңби? Ооба, жүз башы келип, мени бошотууга буйрук берди. Кудайга даңк! Башканы кармап алышканына, ал абдан каарданды. Жүр үйгө, мага баарын айтып берчи. Кудай сыйынууга жооп берет. Ооба. Ооба, жооп берет, кымбаттуум. Эми мен үйгө кетишим керек. Көрүшкөнчө, Ривка эже. Салам, Жакып. Саламатчылык. Үй бүлөөңдө баары жакшы деп үмүттөнөм. Абдан жакшы, рахмат. Өзүңүзчү? Жакшы. Бирок кетишим керек. Анда Кудай жол берсин. Кудай менен. Жакып. Кандай жардам бере алам? Ээ а, бир мүнөткө кирсем болобу? Албетте. Биз үйдөбүз. Кир. Дөөт мени талаадан тапты. Ал айтып кой деди эле, аныкы баары жайында. Ал дагы мындай деди, силерди кабатыр кылгысы келбегенин... жакшы жер тапканын айтты. А сен жакшысыңбы? Жардам керекби? Дөөт мага сен Аюб менен малыбызды өзүңдүкүнө кошуп карайсың деп айткан. Рахмат сага. Бул аябай чоң жардам. Ишенем, бизде баары жакшы болот. Бир нерсе керек болсо мага айт. Биз, мен, сенин апаң жана сен үчүн сыйынам. Мен баарын кылалам. Баарын? Эми баарын эмес. Рахмат, Жакып. Бул менин эсимде болот. Маакул. Анда мен кетейин. Кудай сени менен, Жакып. Каармандардын кимисине өзүңдү окшоштурасың, жана эмне үчүн? Эгерде сен же сен жакшы көргөн адам туура эмес айыпталса, кандай болот элең? Кудай биздин сыйынууларыбызга кантип жооп берет? Ыйсанын сыйынуусунан кандай үлгү алсак болот? Ушул аялдардан сыйынуу тууралуу эмнени билдиң?
JesusFilm