Family·4 / 42

Rivka is a friend and mentor to a family as they deal with political and personal conflict. Mariam, a young girl, and her brother Noah run to Rivka's home for help. Laila, Mariam's mother, is sick. Rivka prays to God in Jesus's name for Laila to be healed. Rivka assures Mariam that God cleanses people with the death and resurrection of Jesus. Anyone who accepts Jesus is at peace with God. Moussa, Mariam's father, comes in to check on Laila. He's disappointed to see Rivka there and tells Mariam that Rivka should go. Mariam wonders if God could accept someone so selfish. Rivka tells her the story of the prodigal son. Rivka says God receives any lost person the same way, with open arms. Rivka tries to assure Mariam that there is hope in hard times.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Үй бүлөө Таңкы шаар уктап жатат. Соодагерлер буюмдарын чыгарыша элек. Рим аскерлери көчөлөрдөн басып баштаганы байкалбайт. Бирок таң атаардагы салкындык, чак түштөгү үпкө алмашкандай эле эртең мененки жымжырт чурулдоо менен тынчсызданууга айланып кетиши ыктымал. Жаңы күн эмне алып келээрин эч качан билбейсиң. Нух! Жол бергиле! Сен, ары тур! Жол бергиле! Эмнеге жашынып жатабыз? Тынчыраак! Нух, апабыздын курбусун алып келишибиз керек! Артка. Артка! Сен барышың керек. Мариам! Эмне болду? Апам жаман болуп атат. Эмне болду кызым? Ал Кан жөтөлүп жатат. Нух! Айтчы, Анын кан жөтөлгөнүнө канча болду? Бүгүн башталды. Сара бүт денеси ысып жатат деди. Эже, келгениңизге рахмат. Апаң кандай? Жакшы эмес. Ал сизди чакырган. Мен Мариамды жөнөткөм, бирок Аны азыр ойготкум келбеди. Бара бергин, Нух. Эмне кылышты билбей жатам. Мени чакыртканың жакшы болуптур. Бүт денеси ысып жатат. Мариам, бизге суу, бет аарчы жана табак керек, алып келип бересиңби. Дөөт? Эмне кылып жатасың? Эч нерсе. Мен кеттим. Кийимиң кан экен! Анын эмнеси бар? Дөөт? Дөөт?! Бул ага жакшы жардам берет. Биз ал үчүн сыйынышыбыз керек, Мариам. Ата, Ыйсанын ысымынан Сенин катышууңда боло алганыбызга рахмат айтам. Сага кайрылганыбызда бизди укканың үчүн Сага ыраазымын. Биз Сенден кымбаттуу Лейла үчүн өтүнөбүз. Анын ооруп кыйналганын жеңилдетчи деп суранабыз, Кудайым. Ага айыгуу бер Теңир. Сен аны бизден да көбүрөөк сүйөсүң. Ошондуктан биз аны Сага ишенип тапшырабыз Ыйсанын атынан. Оомийин. Мен апам үчүн сыйынып жатканда, Кудай мени укканын эч сезбейм. Эмне үчүн? Билбейм. Мен Уялам. Кудайдан сурагыдай мен киммин? Уксаң, Мариам, Ыйса айкаш жыгачта уятыңды Өзүнө алып Бизди сүйгөндүктөн Өз ысымы менен Кудайга жол ачкан. Бирок мен сизге окшобойм Апама дагы. Ыйык Кудайдын катышуусунда эч ким боло албайт. Бирок Ыйсанын курмандыгы менен баарыбызга жол ачып берди. Бул табактагы сууну карачы. Бир эле тамчы кан же кир нерсе суунун баардыгын булгап коёт. Күнөө дагы ушундай, кымбаттуум, айырмасы жок, Чоңбу же кичинеби. Эң жогорку Кудай Таза жана ыйык. Ал эч кандай күнөөгө чыдабайт. Бул иссоп сууну тазалагандай эле, Кудай да бизди Ыйсанын өлүп тирилүүсү аркылуу тазалайт. Ыйса таза жана күнөөсүз болсо дагы... бизге тийиштүү жазаны жана, күнөөлөрүбүздү, бузулгандыгыбызды Өзүнө алган. Биз таза болуп калышыбыз үчүн Ал өлгөн. Бирок өлгөндөн тирилди. Күнөө жана өлүм бийлигин талкалап, биздин уятыбызды Өзүнө алды. Ошентти! Анан бизди Өзү менен элдештирди. Эми биз Кудайдын тынчтыгын Убадаланган Ыйса Машайак аркылуу кабыл алабыз. Анын курмандыгы аркылуу. Сен да аны кабыл алдың, Мариам. Ал сени угат Ал сени абдан сүйөт. Мариам, апаң кандай? А, Ривка Сенде баары жакшыбы? Ооба, Муса Сенин иштериң да жакшы деп ойлойм. Ал жакшыраак болуп калды ата. Ривка эже жардам берди. Эмнеге бул аял Бизге келди? Айтпадым беле, өзүн да күйөөсүн да жактырбайм деп? Ата, Ал апамдын курбусу да. Ал жакшы, акылдуу аял. бирок ал биздей эмес. Күйөөсү - салык жыйноочу! Рим үчүн! Ал өзү Назареттик Ыйсага ишенет. Аны апам суранып чакырткан. Маакул. Эмне болуп кетти? Түндө жоокерлерибизге кол салуу болуптур. Силерден да катышкандар бар окшойт. Бизденби? Бул мүмкүн эмес. Биз жакшы кишилербиз, биз мыйзамга баш ийебиз. Кылмышкерлерди жашырып жатасыңар. Ары тур. Бул жерде кылмышкерлер жок. Текшергиле. Убактыңар текке кетет. Үйдө жалаң аялдар. Түнү менен үйдө болдум, уулум жана күйөө балам менен. Үйдүн ичин карап чык. Талаада мал менен жүрүштү. Аялым ооруп жатат! Ал жакка кирбегиле! Кеттик. Башка учурда келебиз. Оо, уулум. Дагы эмне кылыптыр? Баары жакшы, апа. Алар кетишти. ал үчүн сыйынам. Сыйынып турам. Мен да ага сар санаа болом. Ал тырышып өзүнүкүн бербейт. Апам ооруп жатканда Ал үй бүлөбүзгө кам көрсө болмок. Кызмат кылып. Анын ордуна ал бизди коркунучка түртөт. Өзүн эле ойлоп жатат. Кудай аны кантип сүйсүн. Ал эң кымбат нерсени четке какса? Ыйса бир жолу өзүмчүл жаш жигит жөнүндө бир аңгеме айтып бериптир, Ал өзүн гана ойлоп жүрчү экен. Ошентип, уулу Өз мурасын эрте эле алгысы келет. Атасы ага капа болот, бирок сураганын бериптир. Ошентип Уулу бакыт издеп чоочун өлкөгө кетет. Көп убакыт өтпөй, ал колундагынын баарын, кумарларга кетирип жок кылат. Бат эле акчасы түгөнүп, достору жок... Ачкадан өлгөнү калат. Анан эмне кылыптыр? Ал атасын эстейт. Атасынын берешендигин Жана камкордугун эстейт. Ал тургай дайыма нанга тойгон атасынын үйүндөгү кулдарын эстейт. Ал келип, атасына минтип айтууну чечет «Мен Кудайга жана сизге кааршы күнөө кылдым. Сизге уул болгонго татыксызмын. Кул катары Мени кабыл алыңыз, ата» Бирок уулун алыстан эле көрүп, атасы алдынан тозуп чуркап чыгат. Аны кучактап, беттеринен өпкүлөп. Анан кулдарына: «Тезирээк! Ага эң кымбат кийим алып келип кийгизгиле. Колуна бийлик шакегин, бутуна бут кийим кийгизип... эң семиз торпокту сойгула. Келгиле, бүгүн майрамдайлы! Анткени бул уулум, өлүк болчу, Эми тирилди; Жоголгон, Эми болсо табылды.» Аны атасы кабыл алдыбы? Оой! Ал анын кайтып келишин күткөн. Сиздин ойуңузча Кудай Дөөттү күтөбү? Ооба кымбаттуум. Ал тургай алдынан чуркайт. Атам уулун ошондой кабыл алабы, Эгерде ал Бир жаман иш кылып койсо. Анын уулу туура эмес кылды, Бирок атасы кечирди. Менин ойумча, Атасына кайра келип кезигүүсү, уулу үчүн бул чон эрдик болгон. Мен эми үйгө кетейин, болбосо мени күйөөм издеп калат го. Сага күн узак болду. Сага жана үй бүлөөңө бул убакыт оор болду. Бирок мен билем эң кыйын күндөрдө дагы биз дайыма Кудуреттүү Улуу Кудайдан жана анын сөзүнөн үмүт табабыз. Мариам. Бул сен үчүн. Бул үмүттү биз Жашыя пайгамбардын сөзүнөн көрөбүз. Ал, Кудай кайтып келгенде чөлдөр да кубанышат деп айткан. Апаңа керек болуп калсам, мени сөзсүз түрдө чакыр. Маакул. Рахмат. Баарына. Өзүңдү кайсы каарманга салыштырасың жана эмне үчүн? Эмне себептен адам, сыйынуусу Кудайга жеткенин же жетпегенин билгиси келет? Мариамдын оюнча Ривка жана Лейла жакшы аялдар. Кандай ойлойсуң, адамды эмне жакшы кылат? Кудай бизди кабыл алып, сыйынуубузду угушу үчүн эмне кылышыбыз керек? Адашкан уул жөнүндөгү аңгеме, Кудайдын бизге болгон мамилеси жөнүндө эмне дейт?
JesusFilm