Relationships·27 / 37

Cleaning the Lamps

Mariam worries about her parents and how to be a wife to Yacoub. Rivka tries to tell her that they will each grow as they submit to God. She points to the lamps they're cleaning and says they all have the same purpose: to shine. She says God thinks of us as lamps. We are to shine as God made us to shine. Rivka says she knows women that have had to shine in the darkest hours. They had to rely on God to fill them so He could shine through them. A girl's worth doesn't rely on her marriage status, instead, she should live to serve God with her gifts and talents. That's where worth is found. "You are the light of the world. A city on a hill can't be hidden. Also, people do not light a lamp and put it under a bowl. Instead, they put it on its stand. Then it gives light to everyone in the house. In the same way, let your light shine in front of others. Then they will see the good things you do. And they will praise your Father who is in heaven" (Matthew 5:14-16). We're given unique personalities, desires and gifts to invest in the things God puts in our life. As stated in the parable of the talents, God expects us to use what we've been given to glorify Him.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Matthew 5:14-16

You are the light of the world. A city on a hill cannot be hidden. Neither do people light a lamp and put it under a basket. Instead, they set it on a stand, and it gives light to everyone in the house. In the same way, let your light shine before men, that they may see your good deeds and glorify your Father in heaven.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
1 Corinthians 12:12

The body is a unit, though it is composed of many parts. And although its parts are many, they all form one body. So it is with Christ.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Чырактарды даярдоо. Апа, эшикке ким келгенин көрөйүн. Кайра келгенимде... дагы шорпо ичип алыңыз. Жакып! Байке. Келиңиз, келиңиз. Кош келипсиз... өтүңүз. Апа! Ата! Жакып атасы менен келишти. Эмне кылайын аларды? Анда, тиги бөлмөгө киргиз аларды, Мариам. Анан тамак даярда. Бир аздан кийин кирем, кызым. Келиңиз, кириңиз. Атам бир аз убакыттан кийин келет. Мен... А биз силердин келгениңерге кубанычтабыз. Биздин үйүбүз, силердин үйүңөр болсун. Нух! Суу алып келип, конокторго суу куй. Тезирээк! Маакул, маакул. Ии, сага эмне болду? Жакып атасы менен келди! Тамак аш коёлу! Жүрү, тезирээк! Маакул, тезирээк кылганга аракет кылам. Бол! Тынчтанчы, Мариам. Келиниз, ата. Мен жардам берейинчи. Кийгенге жардам бер. Аа, жакшы. Мени аларга жетелеп бар. Муса. Саламатсызбы, Муса байке. Жакып. Келгиле, отургула. Көргөнүмө кубанычтамын, Муса. Ооруп калганың жаман болуптур. Кудай ден соолук берсин, тез айыксын деп сен үчүн сыйынам. Кудай сыйынууңду уксун. Ооба. Эмне жардам бере алам, Кошуна? Бүгүн мен сага келгеним, хм Балам Жакып үчүн гана. Уулум татыктуу жаш жигит, сенин кызың үчүн жакшы күйөө болот деп ойлойм. Жакыптын атасы тойду эртелетсек болобу деп сурады. Ал, жашоо кыйын, эртең эмне болот, белгисиз, деди. Он эки айдан кийин эмес, үч айда үйлөнгөнүбүздү каалап атат! Анан атаң эмне деди? Ал макул болду! Биз үч айдан кийин үйлөнүшүбүз керек. Алар Аюбту чакырышты, анан баары кол коюшту. Андан кийин Жакып мага шуру берди. Сен мындай кооз шуруну эч качан көргөн эмессиңда, туурабы? Ооба, алтыным. Бул кооз экен. Бирок, апам менен атам менсиз кантээр экен билбейм. Аябай кубанып атам, бир жагынан... Жакып экөөңөр аларга жардам бергенге жол табасыңар. Сара да, Аюб да бул жерде. Бирок Сара ооруп атат. Кызым, ал дайыма эле ооруй бербейт. Ал жакында балалуу болот. Билем, алар балалуу болгондо, үй бүлөөсүнө жакын көчүп келейин деп атышат. Ал эми убагы келгенде, алар кете беришет. Аларды Кудай жетектейт. Кудай, Жакып экөөңөрдү, силер чогуу сүйлөшүп, сыйынып жатканда, Өзү жетектейт. Апам дайыма күйөөгө баш ийишибиз керектигин, тил алчаак аял, анан үй бүлөөлүү болуп жашаарыбызды да айтчу. Бирок ата-энеме керек болуп калсам... Баш ийүү дагы – бул ишенимдин иши, Мариам. Жакыпка тие элек болсом да, уялып жатам. Аа, эже мен өзүм кандай болушту түшүнбөйм, эми аял болууну кантип түшүнө алам? Үч айдан кийин эле мен муну кыла албайм. Баш ийген аял, бул өзүң кандай болсоң ошондой болбо дегенди билдирбейт, Мариам. Жакып сени сүйгөндү үйрөнөт, а сен ага баш ийгенди, экөөң бири-бириңерге Кудайдын алдында баш ийесиңер. Анан Кудай кандай белгилесе ошондой болосуңар. Демек, күйөөгө тийүү мен жакшы адам, чыныгы аял болгонго жардам береби? Мен андай деген жокмун Мариам. Биздин баалуулук жана эстүүлүк күйөөгө тийген же тийбегенден эмес. Ар ким өз жолу менен, жана биз Кудайга баш ийип, анан жакындарга кызмат кылганда гана өсөбүз. Апам менен атама кызмат кылгым келет. Муну Жакып менен сүйлөшүшүң керек. Эмне, азырбы? Силер жашооңорду азыр ойлонуштуруп жатпайсыңарбы, туурабы? Ооба, ошондойго. Анда даярсыңарбы? Ооба. Анда ага сенин көз карашың түз экенин көрсөт. Эмне ойлоп жатканыңды, биле албай жүрө бербесин. Сага эмне маанилүү экенин түшүнгөндөй болсун. Бирок бул сен каалаганыңдын баарын эле Жакып аткарсын дегенди билдирбейт. Бул нерсе туура чечимдерди чыгарыш үчүн керек. Сенде ага керек болгон акылмандуулук бар. Мариам, мына бул шам чырактардын күйгөнүн карачы... бүгүн биз аларды тазалап жана майга толтурдук. Алар абдан кооз экен. Сизде алар түрү менен экен. Мага булар абдан жагат. бирок билесиңби, алардын баары бир максат менен жасалган. Күйүш үчүн. Туптуура. Бирок алар ар кандай болуп күйүшөт. Бул чырак, дубалга ар кандай кооз оймолорду түшүрөт. А бул болсо, күйөөм түнүчүндө жумуштарын кылганда, аябай ачык жарык берип турат. Көрдүңбү? Карасаң. Мына бул абдан жарык. А тиги болсо күңгүрт. Бирок баарынын... Көп окшош жактары бар. Күйүш үчүн баарын тазалап, ар бирине май куюш керек, бирок бири биринен айырмаланып турган өзгөчүлүктөрү дагы бар. Кандай экен? Сонун бекен? Ыйса, сен да, мен да шамдай экенибизди айткан, Мариам. Ал бизге, жаркырап тургула деп айткан. Биздин максатыбыз Кудайдын жарыгы менен күйүү эмесби? А бирок, биз дагы ар кимибиз, ар башкача күйөбүз, жанабыз. Демек, мен шамга окшошмунбу? Ооба, кайда барсак да бир эле ишибиз бар, бул – жаркырап жануу. Кээде мен отту өчүрүп жаткандай болом. Мисалы Сара менен талашып тартышканда. О, ха, ха, ха, баарыбызда мындай учурлар болот. Оо, а бирок сен, менимче, өзгөчө кооз шам чыраксың. Алтыным, сен кайсы гана үйгө туш келбе, Кудай сени кандай жаратса ошондой болуп күйүп жан. Сенин сулуулугуң - Кудайдан; Кудай сени кандай болсоң ошондой кылып жараткан. Мен билген сулуу аялдардын кээ бирлери - мен ички сулуулукту, ушул жарык сапатты айтып жатам алар эң караңгы убактарда караңгылык каптаган жерлерде жаркырап жанышкан. Алар дайыма, күндөн күнгө чырагын майга толтуруп турган Кудайга таянышкан. Андан кийин билесиңби, алар аркылуу ушундай таң калгыдай жарык менен жаркырайт, тимеле укмуш! Бул кандай күңүрт убактар? Күйөөсүн жоготуу, же баласынан ажыроо. Согуш же ачарчылык. Ар кандай убактар. Бул сизди коркутуп атабы? Оо, кызым менин. Эгер биздин алдыда турган кыйынчылыктардын баарын элестетсек, абдан кыйын болмок. Сиз кыйынчылыкта деле жаркырап тургандайсыз. Хо, хо, хо, бул жөнүндө эч нерсе билбейм. Мен дайыма жаркырашым керектей жаркырабайм. Күйөөгө тийбесеңиз... жашооңуз жеңилирээк болмок деп ойлодуңуз беле? Жеңилирээк? Жок, андай деп ойлобойм. Мага башка жагынан кыйын болмок деп ойлойм. Көрдүңбү, Мариам, бизде ар кандай таланттар, мүмкүнчүлүктөр бар. Кудайдын алдында мага берген нерселер үчүн мен жооп берем. Турмушка чыкпасам, өзүм, мүнөзүм да жөндөмдүүлүгүм да, өзгөрүлмөк эмес. Саранын күйөөгө чыкпаган курдашы бар, аны баары жактырбай карашат. Кээ бирөөлөр кыздардын негизги максаты күйөөгө тийиш керек деп ойлошот. Бирок биздин максатыбыз баардык учурда Кудайга, чын жүрөгүбүздөн кызмат кылышыбыз керек, Күйөөгө тийсек да, тийбесек да, же Нора эжедей. Ар бир адамдын жөндөмү, таланты бар, Кудай бизди кайда койсо, ошол жерде колдонушубуз керек. Өзүбүзгө ишене албасак дагыбы? Ошондо дагы. Уксаң, Ыйса ушул жөнүндө окуя айтып берген. Бир адам саякатка кетип баратып, кулдарын чакырат да, аларга акча каражатынан бөлүштүрүп берет. Ошентип Ал биринчисине беш баштык тыйын... башкасына... экини берет. Ал эми үчүнчүсүнө бир баштык... ар бирине өздөрүнүн жөндөмүнө жараша берет. Көп убакыт өткөндөн кийин, кулдардын кожоюну кайтып келип, сурай баштайт. Беш баштык алган кул мындай дейт: Кожоюн, сен мага бешти бергенсиң, мен аларды иштетип, дагы бешти таптым. Кожоюну: «жакшы, ак көңүл жана ишенимдүү кул! Сен кичинеде ишенимдүү болдуң. Сага чоңун берем. Бар да кожоюнуңдун кубанычын бөлүш!» дейт. Эки баштык алган адам да келет. «Кожоюн, - деди ал – Сен мага экини бергенсиң. Мына мен дагы экини таптым.» Кожоюну: «жакшы, ак көңүл жана ишенимдүү кул! Сен кичинеде ишенимдүү болдуң. Сага чоңун берем. Бар да кожоюнуңдун кубанычын бөлүш!» дейт. Анан бир баштык алган кожоюнуна келип, мындай деди: «мен сенин каардуу, сеппеген жерден оруп, чачпаган жерден чогултаарыңды билгем. Ошондуктан коркуп, берген акчаңды жерге көмүп койгом. Мына сеники өзүңө.» Кожоюн ага: «Жаман жалкоо кул! Менин сеппеген жерден ороорумду билгенсиңби? Анда акчамды соодагерлерге беришиң керек эле го, ошондо мен кайтып келип, акчамды пайдасы менен алмакмын. Ошондо кожоюн кулун байлыкты көбөйтпөгөндүгү үчүн жазалайт. Кудай ар бирибизге баалуу нерселерди берген, Мариам. Күйөөгө тийсек, же тийбесек, балабыз барбы, же жокбу, байбызбы же жокбу; Ал ар бирибизге ар кандай жөндөм, таланттарды берген. Кудай берген нерсени баалап, өзүбүздү ага толук арнашыбыз керек Кудай бизди кайсы жерге чакырса ошол жерде. Биз ушундай кылганда, акыркы күнү Аны менен бетме-бет жолугуп, Анын соороткон, мактаган сөздөрүн угабыз! Жана ошол күнү чындап жаркырайбыз. Ал биз аркылуу жаркырайт! Мариам, сага ушул шамды белек кылгым келет. Бул үлпөт тоюңа менден белек болсун. Аны көргөн сайын, Кудай эмнени тапшырганы жөнүндө ойлон, дайыма Кудайдын сүйүүсү менен жаркырай аласың эсиңде болсун. Бирок эжеке, ал ушундай кооз. Ала албайм. Анчалык деле эмес, кымбаттуум! Сен Кудайдын кызысың. Сен эми асман падышачылыгында ханбийкесиң. Сен Эң Жогорку Падыша жана Теңирдин карындашысың. Муну алып кай жерде болбо, эмне кылба Машайакта ким экениң эсиңде болсун. Бирок мен, бирок ала албайм! Жок... Сен алышың керек. Сени ансыз кое бербейм. Мен Жакып менен көп нерсени сүйлөшүшүм керек, анан ата-энеме кайтышым керек. Сен белексиз кете албайсың. Бир кыз сизди көргүсү келип атат, мырзайым. Аны кирсин де. Далия! Эмне болду? Жолтоо болгонум үчүн кечиресиңер, мм, ээ, апам катуу ооруп жатат, Мариамдан, Сизде Кудайдын айыктыруучу чоң күчү бар деп уккам. Мүмкүн сиз апама жардам бере аласыз? Мм, менде өзгөчө күч деле жок, бирок Кудайда бар. Мен дарыларымды алып алайын, анан апаңа сыйынып берейин. Сен менен барайын. Жолубуз бир. Силер бара бергиле кыздар. Мен жетип алам. Рахмат, Дебора. Мариам, бул эмне болгон шуру? Мен Жакыпка турмушка чыгып атам, үч айдан кийин! Ах, Мариам, сонун болгон тура! Сен абдан бактылуусуң. А мен турмушка чыгам деп ойлобойм. Ии, андай дебесеңчи. Мен сенден улуу эмесминби, Мариам. Кудайга жагыш үчүн эркек деле керек эмес, ал бизди кандай болсок, ошондой сүйөт, Далия. Мариамда, Жакыпка күйөөгө тийүү жөнүндө кандай кабатырлануу жана коркунуч болду? Мариамдын коркунучуна Ривка кантип жооп берди? Кудайдын оюу боюнча аял менен эркектин баалуулуктары жана оордулары жөнүндө Ривка эмне деди? Сен кандай таланттарга жана жөндөмдүүлүктөргө ээсиң? Таланттар жөнүндөгү аңгемеде биздин жөндөмдүүлүктөрүбүз жөнүндө эмне айтылган?
JesusFilm