Relationships·24 / 37

Mariam and her friend Daliyah visit Rivka. But Rivka and her husband fight over his work as a tax collector. Rivka apologizes and asks to walk back with Mariam. Rivka and Sara talk while they clean wool. Sara explains that she is tired from being pregnant and she and her husband Ayoub had hoped to move closer to his family. She's frustrated because she feels stuck waiting, and far from God. Rivka assures her that even Jesus's disciples felt alone sometimes. She mentions the time when the disciples were in a boat with Jesus. A storm came up over the lake and Jesus stayed asleep. The boat was taking on water and the disciples were about to die. So they woke Jesus up and asked if He cared about them. Jesus calmed the storm. But He rebuked them for having little faith. It was okay to be afraid. But they had doubted whether He cared for them. Soldiers knock at the door and have a summons for Moussa. He's to report to Beirut for work. Mariam insists on taking the summons to Moussa in the fields. Sara says this is one more thing to worry about and wonders where God is in all their troubles. Rivka uses the dirty wool to illustrate. Sara sees dirty wool now, but she also sees the beautiful rug she'll make from it. Rivka says God sees us now, but He can also see what we will be. She says Paul, an apostle of Jesus, calls us God's handiwork.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
John 3:16

For God so loved the world that He gave His one and only Son, that everyone who believes in Him shall not perish but have eternal life.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Philippians 1:6

being confident of this, that He who began a good work in you will carry it on to completion until the day of Christ Jesus.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Кол өнөрчүлүк. Мен мүмкүнчүлүгү жок адамдардан римдиктер талап кылгандан ашык алган эмесмин, мени айыптаганыңа ачууланып жатам! Арун, кымбатым. Кээ бирде ичип жатканыңда сенин ой жүгүртүүң көп жагынан... Ичкеним! Ойлорум? Мен кечинде бир аз ичтим. Эмне болуптур? Бул аял жалганчы, Ривка. Аны менен сүйлөшпөй эле койгонуң жакшы. Жок, азыр эмес. Оой, Мариам, Далия, киргиле, киргиле. Өткүлө. Отургула. Айтчы, апаңар кандай? Ривка, Менин чыдамым түгөндү ошондуктан... Силер эмнеге келдиңер? Көргөнүмө ишенбей турам: Муса салык жөнүндө сүйлөш деп кызын жибериптир. Ал коркок. Оо, менин кымбаттуум, Өкүнүчтүү. Эмне дээримди билбей турам. Бүгүн күйөөмдүн абалы жакшы эмес. Эч нерсе эмес. Апам бир аз курма берип жиберген. Сиздин жардамыңызга рахмат айтып Абдан жакшы, апаңа рахмат. Рахмат. Эми болсо... кеттик, Апаң менен сиңдиңди көрүп келейин, таза аба жутканча. Ривка эже! Кош келиңиз. Кандайсыз? Жакшы. Бүгүн апаңар кандай? Бир топ жакшы. Амиранын ооруган балдарын караганы кетти. Ал аны кылмак: Ооба, Лейла Өзү араң турса да, башкаларга жардам берет. Билишимче анын жүрөгү абдан боорукер. Ооба. Сен кандайсың, алтыным Сара? Чарчаптырсың, апаңды, үй жайыңды карап. Акыркы күндөрү абдан чарчап жатам. Кайрадан... боюмда бар. Оой! Коркуп жатасыңбы? Боюңдан түшкөн үчүнбү? Аюб экөөбүз Жүйүттөн кетүүнү чечтик. Анын ата-энеси жашаган Антиохияга баралы деп жатабыз. Ээ? Бирок боюмда бар да, кантип барабыз? Бирок мен билип жатам, барбаганга болбойт. Эмнеге? Анткени мен бул баланы да жоготуп коём. Кудай... абдан алыс болгондой, эже. Эми кандай сыйынам билбейм. Кайсы бир убакта Ыйсанын шакирттери Кудай кам көрбөйт деп ойлошкон. Чын элеби? Ооба. Алар анда кайыкта эле, алар Ыйсаны Галилея деңизинен алып өтүшмөк. Ыйса кайыкта уктап калган убакта, деңизде аябай катуу бороон-чапкын башталды. Шакирттери өз өмүрлөрү үчүн коркушкан, сен өз балаң үчүн коркуп жатканыңдай эле. Алар коркконго чындап эле себеп болгон. Катуу толкундар уруп, Кайык чөгүп бара жаткан. Ошондуктан Алар Ыйсаны ойготуп Ага мындай дешет: «Теңир, биз чөксөк, Сага баары бирби?» Ал туруп шамал, толкундарды токтотту. Алардын үнүн угуп, өтүнүчүн аткарды. Анан аларды ашкерелеп мындай деди: «Ишенимиңер кайда?» Анын шакирттери Ыйсаны ойготуп корккондорун айткандары туура эмесби? Андай деп ойлобойм. Жок. Алардын айыбы, Анын кам көрүүсүнө шектенгендери. Анан дагы Ыйсанын жардамына ишене албагандары. Бирок албетте, Ал кам көрүп, аларга жардам бермек. Сара, ишен, Ал сен экөөбүзгө да кам көрөт! Муса деген таш уста барбы? Жок, ал үйдө жок. Аны Бейрутту кайра курууга чакырып жатышат. Эки жуманын ичинде сепилге барып калсын. Желдеттер айтышты, атабыз Бейрутка барыш керек экен. Мен атама айтайын. Жүрөгой, Нух. Эми мунусу башталды! Өкүнүчтүү, кымбаттуум. Наум кошунаны былтыр алып кетишкен, ал каза болгон, кырсык болуп. Азыр оор заман болду. Өтө эле оор, эже! Айтыңызчы, Кудай кана? Кириңиз, кириңиз, Нора эже. Мен өтүп бара жатып эшигиңерден желдеттерди көрдүм. Алар эмне дейт? Чакырык алып келишиптир. Атам Бейрутка кетиш керек экен. Бейрут! Оох! Жаман болуптур, жаман, жаман! Менин Юшам, жардам бере албайт. Өкүнүчтүү, Нора эже. Ал өткөн жылы каза болду. Эми ата-бабаларына кошулду. Римдиктердин жардамы менен! Сиз муну татыктуу көтөрдүңүз эже. Татыктуу? Ошондой. Баардык кыйынчылыктарды жакшы эле көтөрүп келдик. Кудай кана? Бизди таштадыбы? Нух, мында. Жүр. Ушундай убакта Кудай бизди унутту деген азгырык ойлор келет. Бирок Ал бизди көрүп турат. Өзгөчө кыйын кезде. Кудай бизди сүйөт Анын сүйүүсү менен ырахат алышыбызды каалайт. Ал бизди Өз үй бүлөөсүнө алгысы келет. Эң алгачкы бейиш багы эсиңердеби? Кудай адамды Өз бейнеси боюнча жараткан. Кудай бейиште Адам жана Обо эне менен чогуу болуп баарлашчу. Бирок алардын баш ийбестиги, аларды Кудайдан ажыратып койгон. Алар күнөөлөрү үчүн уятка жана коркунучка батып... Кудайдан качышкан. Бирок каршылыгына карабай Кудай аларды издеген. Ыйса да бизди... ошондой издеп келген. Ал болсо жерге келип арабызда жашаган Биз үчүн өлүп; Күнөөбүздү жана уятыбызды Өзүнө алган Анын сүйүү курмандыгы аркылуу Кайрадан Кудайдын үй бүлөөсүнө кошула алабыз. Күнөөбүздү мойнубузга алып, Ыйсанын курмандыгын кабыл алсак, кайрадан Ыйык Кудай менен биригебиз. Ошондо Анын уул, кыздары болуп калабыз. Сен айткандай, мен Кудайдын кызы боло аламбы? Ооба. Кудайдын үй бүлөөсүнө кошулуп. Кудайдын үй бүлөөсүнө кириш үчүн, ыйык болушубуз керек эмесби? Мен билем Ыйсага окшош эмесмин. Жеткилең эмесмин. Мен дагы. Кээ бир убакта, биз ыйык болумуш этебиз, бирок... Мен азыр жаш эмесмин, Калп эле жакшы көрүнгүдөй. Эч кимибиз жакшы эмесбиз. Бул жүнгө окшопбу? Сара, эмнени көрүп турасың? Булганган жүн... арасында кир, кумдар дагы бар экен. Хммм. Бул кир экен... меники болсо кирирээк. Менин койлорум көбүрөөк кирдептир, мени кыйнаш үчүн. ха, ха, ха. О, эже, хе, хе! Алар билишет кары аял экенимди... күйөөмдүн жогун дагы. Ха, ха, ха, ха, ха, ха, чындыгында, андай эмес билем эже! А сен, Сара, бул жүндү эмне кыласың? Сенин оюң кандай? Мен Аюб экөөбүзгө жууркан жасайын дегем, биз аны Антиохиядагы жаңы үйгө алып кетели дегенбиз. Сонун эмес бекен? Ооба. Менде курт-кумурска менен жаңгактан жасалган боёк бар. Мына, көрүп турасың, бул жүндүн азыркы булганганын. Бирок сенин оюңда муну таптакыр башкача көрүп турасың: таптаза, таралган, тытылган, ийрилген, жууркан болуп жасалган. Ооба. Мына Кудай да ошондой. Ал сенин азыркы абалыңды да көрүп турат. Кудай келечекте, сени менен иштеп бүткөндөн кийин кандай болуп калаарыңды дагы көрүп турат. Демек, бул жүндөй күнөө менен булганганымды Кудай билсе дагы Асманга барганда кандай болоорумду ойлойт турбайбы? Ооба. Ыйсаны ээрчип баштаганыңда Кудай жашооңдо жакшы ишин баштаган. Ал Өзүн сага толук арнап ишин аягына чыгарат, анткени сен эми Анын үй бүлөөсүндөсүң. Кээде Жашообуз каралбаган жүнгө окшош. Ал бизди чоюп, тыткылап жаткандай болот. А кээде такыр эле эзип салгандай. Ооба, эже. Биз кыйналабыз. Ооба, боёкко салынып, кайнаган жүндөй болуп. Бул көпкө созулат, чынбы? Биздин азыр Рим камагында отурган элчи бир тууганыбыз Пабыл каттарынын биринде мындай деп жазыптыр: Биз Кудайдын колунан чыгып, эң жакшы болуп Ыйса Машайакта жаратылганбыз Кудай белгилеп койгон жакшы иштерди аткарышыбыз үчүн. Кудайдын колунанбы? Мм, ооба. Бул таарды карачы. Муну ким жасады? Мен. Муну бүтүш үчүн көп убакыт кеттиби? Ооба, абдан көп. Муну токуган жактыбы? Ооба, албетте. Аны караган мага азыр дагы жагат. Жакшы, кооз буюмдар көп убакытты талап кылат, ал көпкө созулат. Биздин өмүр жолубуз да ушундай узун. Узун. Жашообуздун ортосу узун, аягы кыска; Түтүндөй болуп... көз ирмемдей, өтүп кетип, жок болот. Байкуш Юша. Оо, эже. Эгер Ыйсага ишенсеңиз Кудайдын үй бүлөөсүнө таандык болуп каласыз. Анан Кудай Ата менен сүйлөшүп, Ага түйшүгүңдү же кубанычыңды айта аласың. Петир элчибиз баардык түйшүктөрүбүздү Теңирге айтып, Ага тапшырышыбыз керек деген, Ал Өзү түйшүгүбүздү алганды каалайт. Аны кантип кылам? Ага айтыпбы? Ооба. Ага баарын айтыш керек. Сен айтып жаткан Кудай абдан жакындай. Ооба, Ыйсага ишенген көп адамдарга, Ал абдан жакын. Сизге да жакын болоюн дейт. Сиз Ага дайыма сыйынып Өзүңдү мага көргөз деп сураңыз. Ошондуктан эң башында ушинтип сураныш керек. Сен айткандарың жөнүндө... мен ойлоноюн. Азыр эми мен өзүмдүн кир койлорума барайын. Сен айткандай сыйынып көрөм. Ата. Аа. Мариам. Римдиктер муну алып келишиптир. Жакында Бейрутка барышым керек экен. Бейрутка? Шаарды оңдогонго аларга усталар керек. Ошол Агриппабы! Өзүн биздин Падышабыз деп атаганы менен, Римдин эле курчагы! Бейрутта болгон нерсеге биздин кандай ишибиз бар? Андай кылбаңызчы, ата! Агриппага жардам бергенге милдеттүү эмессиз! Дөөт. Иниң жаныңда турат андай сүйлөбө. Ал чындыкты билбей эле койсунбу? Эмне керек сага, уулум? Бизди эмне Римдиктер кылычтап салсынбы? Оозуңду жап! Нухту ойло. Карындаштарыңды ойло. Апаңды ойло. Ата, барбаңызчы. Мариам деле билет. Нух деле билет. Албетте, бул Кудайдын эрки эмес. Кудайсызга кызмат кылбаңыз. Сиз билесиз, алар ыйбадаткананы да булганга даяр! Аларга жардам берсеңиз, анда бул качан бүтөт? Дөөт. Сен билесиң: барбасам болбойт. Аны Кудай деле билет. Уулум сен да билесиң, барбасам эмне болоорун. Өзүңө же жакын адамыңа, кайсы каарманды окшоштурасың? Сен кыйналып жаткан учурда, Кудай алыс тургандай сезилди беле? Деңиздеги Ыйсанын окуясы сага кыйынчылыктар жөнүндө эмне дейт? Саранын жуурканы тууралуу мисал, Кудайдын ишин кандай түшүндүрөт? Кудайдын кызы болуу эмнени билдирет?
JesusFilm