Women's Resources·24 / 80

Jätku Leiba кичи сүрөтү
БөлүмJätku Leiba
La Búsqueda - The Search кичи сүрөтү
БөлүмLa Búsqueda - The Search

Sharing the News

Dawud gathers the whole family and he apologizes for the trouble at the wedding. He starts by telling them about his mother's faith in Jesus. But Dawud thought she had been led away from their religion. He says that when he was in prison, a man appeared to him. The man's eyes glowed like fire. Everything Dawud had ever done was presented by the man. He says he's learned that when man and woman were created, they had a relationship with God. But when they disobeyed, that relationship was broken. So God provided Jesus to die for their sins. Dawud declares that Jesus has saved his life. The family asks why they should believe. Dawud says Jesus was raised from the dead. Rivka's asked to speak about Mary Magdalene's experience with the risen Jesus. She tells how Mary saw the empty tomb and spoke with Jesus. Dawud says that if they believe in the Lord Jesus and are baptized in His name, they can be saved from their sin and shame. Rivka and Mariam watch the sunset together. They marvel over everything that's happened. Mariam declares she knows that God is with them. When we follow Jesus, we receive the power of the Spirit and the call to share the gospel with others. Instead of relying on one person's opinion, we need to point people back to Jesus and the truth of Scripture.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Isaiah 53:5

But He was pierced for our transgressions, He was crushed for our iniquities; the punishment that brought us peace was upon Him, and by His stripes we are healed.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Matthew 28:19-20

Therefore go and make disciples of all nations, baptizing them in the name of the Father and of the Son and of the Holy Spirit, and teaching them to obey all that I have commanded you. And surely I am with you always, even to the end of the age.”

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Acts 1:8

But you will receive power when the Holy Spirit comes upon you, and you will be My witnesses in Jerusalem, and in all Judea and Samaria, and to the ends of the earth.”

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Жакшы кабар таратуу. Ата, бүгүн кандайсыз? Кечээгидей, мурда күнкүдөй эле - Сокур жана пайдасыз. Сиз пайдасыз эмессиз, ата. Ах, унуткан турбаймынбы. А мен – сонун койчумун да. Менден артык эч ким малды карай албайт. А таш тургузуу боюнча, менин көзүм баарыныкынан түз көрөт! Биз кара жумуштан артык пайда келтире алабыз, ата. Кудайдын сүйүүсү биздин жөндөмүбүзгө негизделбейт. Мага сенин аяганыңдын кереги жок. Жөнөгүн... бар иште! Мен сизди аяган жокмун. Ата, баарыбыз Лейланын төрөлгөнүн майрамдап чогулганда... Мен аларга сөз айткым келет. О, сүйлөйсүңбү? Мен өлүп калдымбы? Жок. Сиздин ордуңузда эмес, ата. Бирок улуу балаң катары, түрмөдөн бошонгонумду айтып бергим келет. О, жок. сен бул акылсыз окуяны бүт үй бүлөөбүзгө айтып бересиңби? Алар менин өз оозуман укса жакшы болот деп ойлойм. Сен суранып атасыңбы же өзүң чечип койдуңбу? Мен батаңызды сурап атам айта турган нерсеме. Бул Кудайдын буйругу. Качан эле сени токтото алчу элем? Рахмат, ата. Баарыңар келгениңерге рахмат. Менин уулум, Дөөт, Сөз айткысы келет. Мен аны менен макул эмесмин, бирок ал менин уулум. Менин атам жакшы адам, ал мага аябай чыдап келди. Ал мага түрмөдөн бошонгонум тууралуу сиздер менен бөлүшүүгө уруксат берди. Баарыңар Мариам менен Жакыптын тоюнда болгонсуңар билем. Ал кечти мен бузуп салганыма өкүнөм. Бирок бүгүн мен андан кийин эмне болгондугун, Жана эмне үчүн чогулуп, төрөлгөн жээнимдин майрамына келгенимди айткым келет. Силер баарыңар апам Лейладан, Ыйсага болгон ишеним жөнүндө уккансыңар. Ал дайыма Машайак жөнүндө айтчу. Албетте мага дагы айтып берчү, бирок мен ага ишенчү эмесмин. Аны аталарыбыздын ишениминен адаштырып салды дечүм. Мени кармап кетишкенде, римдиктер мени өлтүрүшөөрүн билгем. Коркком, азаптан коркком, өлүмдөн коркком. Бирок апам, силердин көбүңөр сыйынгандай мен үчүн сыйынганын билем. Мен буга ыраазымын. Түндө мен жылуулуктан жана караңгы түрмөдө күйгөн жарыктан, ойгонуп кеттим. Ошондо алдымда турган укмуш бир Адамды көрдүм. Ал таптаза жана Ыйык болчу, көздөрү болсо, оттой эле. Анан Ал мени менен сүйлөштү. Ал мен кылган нерселеримдин баарын айтып берди. Жүрөгүм жарылып кете тургандай болуп ыйладым. Түрмөдө башкалар уктап атышкан, мен болсо жерге жыгылып күнөөлөрүм үчүн Теңир Ыйсанын бут алдында ыйлап жаттым. Мен... мен.. мен башында түшүнгөн жокмун. Бирок... менден акылдуулардан көптү биле алдым. Жазууда мындай дейт, Кудай дүйнөнү жаратканда, Ал адамды Аны менен жашап Анын кубанычына толуш үчүн жараткан. Бул Анын ою болгон. Бирок алар осуятка ишенбей жана баш ийбей коюшкан. Анан ушул жаман иш аларды Кудайдан ажыратып жана алардын ортосундагы тыгыз мамилени бузуп салган. Биз дагы баш ийбей эле жүрөбүз. Жазууда күнөөнүн жазасы – өлүм жана Кудайдан бөлүнүү экени айтылат. Бирок Кудай силерди Анын сүйүүсүнөн ажырап, коркунучта Жана уятта жашаганыңарды каалабайт. Ошондуктан Ал Ыбрайымдын уулунун ордуна козуну курмандыкка караштыргандай, Кудай Ыйсаны биздин оордубузга өлүш үчүн жиберген. Бирок бул даана мыкаачылык! А биздин салттар, Жазуулар, пайгамбарларчы? Досум, Ыйса келгенге чейин жүз жыл мурун Пайгамбарлар убадаланган Машайак азап тартат деп жазууда алдын ала айтышкан. Ышайа жазган: «Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды. Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык». Муса жар салган: Жыгачка кадалган адам Кудай алдында каргышка калган. Ыйса айкаш жыгачта өлгөндө, Ал Өзүнө күнөөбүздүн жана өлүмдүн каргышын алган. Анын курмандыгы жана тирилүүсү бизди шайтандын бийлигинен чыгарып жана караңгылыктан куткарды, коркунуч менен уяттан бошотту. Бул бата Кудай аркылуу биздин атабыз Ыбрайымга убадаланган, Кудай андан дүйнөнүн, баардык элдери баталанат деп айткан. Баарыңар мени уккула! Ошол Ыйсанын Өзү, түрмөдөн мага көрүндү. Мен ишенем, мен билем, Ал убадаланган Машайак. Ал менин ордума өлүп жана мага жаңы өмүр берген. Аны менен жолугушкандан кийин өлүмдөн коркпой калганымды түшүндүм. Бирок Ал мени түрмөдөн куткарды. Ал мен үчүн мындан да чоңду жасаган. Мен сөзсүз башкалардай болуп кагылып өлүшүм керек болчу. Сен түрмөдө Римге каршы эмесбелең? Эмне, алар жөнүндө оюң бат эле өзгөрүп кеттиби? Биздин эң чоң муктаждыгыбыз саясат менен байланыштуу эмес. Чыныгы муктаждыгыбыз бул – Кудай менен элдешүү. Мен адамдык саясатты өзгөрткөнгө аракет кылгам. Кудай болсо адамдын жүрөгүн өзгөрткүсү келет. Эмнеге Ыйса Кудайдын тандалганы деп ишенишибиз керек? Анткени Кудай Аны өлгөндөрдөн тирилтти. Биз менен чоогу отурган Ривка эже, бул тирилүүнүн күбөөсү болгон бир аялды жакшы тааныйт. Ривка эже, Сиз бизге Магдалалык Мариам эмне деп айтканын айтып бере аласызбы? Магдалалык Мариам бул жөнүндө көп жолу айткан. Ал Ыйсанын өлгөнүн көргөн, Анын денеси мүрзөгө коюлуп жатканына күбө болгон. Андан кийин, эртең менен таң заардан, мүрзөгө коюлгандан үч күн өткөндөн кийин, Мариам жана башка аялдар Анын денесин майлаш үчүн мүрзөгө даярдап койгон жыпар жыт майларын алып алып келишет. Алар жакындап келишкенде, үңкүрдүн оозун бекем жаап турган чоң таш, четке жылып калганын көрүшөт. Алар Ыйсанын сөөгүн уурдап кетишти деп ойлошкон. Бирок андан кийин алар бош мүрзөдөн эки периштени көрүшөт. Ошондо периштелер аларга, Ыйсанын өлгөндөн тирилгенин айтышат. Аялдар бул жөнүндө башка шакирттерге айтканы чуркап кетишет, анан Петир жана Жакан аялдар менен үңкүргө кайтып келишет. Баары ал жерден кетишкенден кийин, Мариам жалгыз өзү сыртта калат. Ал эмне болуп жатканын түшүнбөй калат. Анан ыйлай баштайт. Мунун баары ушунчалык түшүнүксүз эле. Бир маалда ал жалгыз эмес экенин сезет. Аны менен бир адам сүйлөшөт, Ал мындай дейт: «Аял, Эмнеге ыйлап жатасың? Сен издеп жүргөн адам ким эле?» Ал аны багбанчы экен деп ойлоп Мындай деп айтат: «Мырза, Эгер сен Анын денесин алып кетсең, Аны кайда койгонуңду айт мага, мен барып аны алып кетейин.» Ошондо Ал аны атынан чакырат: «Мариам» Анан Ал өйдө карап Ыйсанын Өзү менен сүйлөшүп жатканын ошондо гана түшүнөт! Ал Анын алдында турган экен. Чуркап келип, Анын бут алдына жыгылат. Мариам бүл жөнүндө өзү мага айтып берген. Кырк күндүн ичинде Ыйса бир нече жолу Өзүнүн шакирттерине көрүнгөн Жана аларды көп окуткан. Анан, Зайтун тоосунда, алардын көз алдында асманга көтөрүлүп кеткен. Бул мен үчүн эмнени билдирет? А биз үчүнчү? Ыйса Теңирге ишенгиле... Жана Анын атынан сууга чөмүлгүлө. Ага ишенгиле Ошондо күнөөдөн жана уяттан куткарыласыңар, жана Ыйса менен жаңы жашоодо жашайсыңар. Мен дагы Машайакты таанып билдим! Ал менин жашоомду өзгөртүп, жана мага карыган кезимде чоң кубаныч тартуулады. Менин жашоомду өзгөрттү. Менин дагы. Менин дагы. Кудай Анын атын чакырган ар бир адамга жаңы өмүр берет. Бул бизге бүгүн Ыйса алып келген жакшы кабар. Ал тирүү жана азыр бул жерде, биздин арабызда. Эми ушул жерден бүтүрөлү. Ыйсанын өмүрү жана Анын окутуусу жөнүндө көбүрөөк билгиңер келеби? Мен силердин Ыйсаңар жөнүндө ойлонгом. Ээ? Дөөттүн окуясы жөнүндө дагы. Мен жакшы түшүнө элекмин, бирок баары чындык экенине ишенгим келет, бирок... Сени эмне кармап жатат? Ата-энем эмне дейт эгер мен силерге окшоп калсам? Менде жетишээрлик ишеним бар деп ойлобойм. Жада калса Дөөткө окшоп Ыйсаны көргөн эмесмин. Мен да Аны ушундай көргөн эмесмин. Ал ар бирибизге ар кандай көрүнөт. Бирок сен Андан сурай аласың. Эмне жөнүндө? Ишеним. Күч жөнүндө. Кудай сага чындыкты көрсөтсүн деп сура. Биз сыйына алабызбы? Албетте. Болгону Аны менен өз сөзүң менен сүйлөш. Жүрөгүңдөн. Үн чыгарыпбы? Теңир, мен акыркы жумаларда көп нерсе укттум, булардын баары ушунчалык сонун. Мен сени билгим келет... менин досторумдай болуп... Жана сага ишенип, таянгым келет. Мага менде жок нерсени берчи. Мага ишеним жана күч берчи. Чындыкты түшүнгөнгө жардам бер. Рахмат, Теңир. Менимче, Ал мени укту. Билем, укту. Эгер мен Ыйсанын жолдоочусу болгум келсе, мен эмне кылышым керек? Кудайга айт, Ыйсанын Теңир, жана Машайак экенин жана Ал, Күнөөлөрүң үчүн айкаш жыгачта өлгөнүн. Ыйсанын курмандыгын, кечиримин ар кандай уяттан бошотконун кабыл алгын. Ага өз өмүрүңдү бер. Ошондо сен түбөлүк өмүргө ээ экениңди билесиң. Эгер мен ошондой кылсам, ата-энемди кантем? Кудай сенин ата-энең үчүн эң жакшы кыз болушуңду каалайт. Бирок алгач сен Кудайдын кызы бол анан анын артынан ээрчишиң керек. О, кандай сонун ымыркай. Биз апам экөөбүз бул жакка күндүн батышын көрүш үчүн келчүбүз. Сен аны сагынып атасыңбы? Күн сайын. Кээде мен апамдын, Саранын баласына, жана Дөөт үчүн сыйынганына Кудайдын кантип жооп бергенин ойлоном. Бирок Кудай аны алып кетти. Кудайдын жолдору – биздин жолдорубуз эмес. Хм, ооба. Бирок Кудай биз менен. Кандай кана болбосун: мен билем. Мен Аны менен баардык нерсе жөнүндө сүйлөшө алам. Бул дайыма ооруну алып салбайт, бирок Ал мага көтөргөнгө жардам берет. Мен чөлдөн өтүп бара жаткандаймын, бирок Ал мени менен болуп, кандайдыр бир жолдор менен ушундай кургак жерде да мага кубаныч берет! Бул тасмада өзүңдү кимге көбүрөөк окшоштурасың? Дөөт башынан өткөнүн башкалар менен бөлүшкөнү сизге жактыбы? Эмнеге жакты? А жакпаса - эмне үчүн? Ривканын Магдалалык Мариамдан уккан, Машайактын тирилүүсү жөнүндөгү окуяны, кайра айтып бере аласыңбы? Мариам менен Далиянын маегин кандай баалайсың? Мариам менен Ривканын акыркы маеги, сенин Кудай менен болгон мамилең жөнүндө эмне дейт?
JesusFilm