Women's Resources·21 / 80

Jätku Leiba кичи сүрөтү
БөлүмJätku Leiba
La Búsqueda - The Search кичи сүрөтү
БөлүмLa Búsqueda - The Search

As they prepare for Mariam's wedding, Noura encourages Mariam to cultivate her own relationship with Jesus. Yacoub won't be able to lend his own relationship to her. Sara advises Mariam to spend time with God and she'll find peace. In preparation for marriage, the women in Mariam's life give her advice that's actually good for everyone, regardless of status. "I know what it's like to not have what I need. I also know what it's like to have more than I need. I have learned the secret of being content no matter what happens. I am content whether I am well fed or hungry. I am content whether I have more than enough or not enough. I can do everything by the power of Christ. He gives me strength" (Philippians 4:12-13). Paul speaks about being content in everything because Jesus alone is enough. By making that relationship our highest priority, and recognizing it above worldly matters, we can find contentment in everything.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
Matthew 25:1-13

“At that time the kingdom of heaven will be like ten virgins who took their lamps and went out to meet the bridegroom. Five of them were foolish, and five were wise. The foolish ones took their lamps but did not take along any extra oil. But the wise ones took oil in flasks along with their lamps. When the bridegroom was delayed, they all became drowsy and fell asleep. At midnight the cry rang out: ‘Here is the bridegroom! Come out to meet him!’ Then all the virgins woke up and trimmed their lamps. The foolish ones said to the wise, ‘Give us some of your oil; our lamps are going out.’ ‘No,’ said the wise ones, ‘or there may not be enough for both us and you. Instead, go to those who sell oil and buy some for yourselves.’ But while they were on their way to buy it, the bridegroom arrived. Those who were ready went in with him to the wedding banquet, and the door was shut. Later the other virgins arrived and said, ‘Lord, lord, open the door for us!’ But he replied, ‘Truly I tell you, I do not know you.’ Therefore keep watch, because you do not know the day or the hour.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Luke 10:38-41

As they traveled along, Jesus entered a village where a woman named Martha welcomed Him into her home. She had a sister named Mary, who sat at the Lord’s feet listening to His message. But Martha was distracted by all the preparations to be made. She came to Jesus and said, “Lord, do You not care that my sister has left me to serve alone? Tell her to help me!” “Martha, Martha,” the Lord replied, “you are worried and upset about many things.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Philippians 4:12-13

I know how to live humbly, and I know how to abound. In any and every situation I have learned the secret of being filled and being hungry, of having plenty and having need. I can do all things through Christ who gives me strength.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ривка Үлпөт той. Лейла? Эмне кылып атасың, Лейла? Бүгүн кызыбыздын үлпөт тоюу, али көп нерсе кылына элек. Тиги жакта кыла турган иштер көп. Кел, бир аз мени менен эс ал. Эртең эс алам. Аай! Акылсыз аял. Ойлоп көрсөң. Издешпей табышыптырбыз. Сен дайыма күлө турган нерсе таап аласың. Ыйлагандан көрө күлгөн жакшы го. Биздин тоюбуз эсимде. Сен ошол күнү күлдүң беле? Ха, ха, ха, күлдүм беле? Мен өлгөнчө коркком. Биз бала эле болчубуз да. Эми болсо кара. Биз карыган, оорукчан, cокур. Биз бала эмес болчубуз, бирок жаш элек. Мен абдан коркком. Бирок сени сыйлачумун. Менин атам да сенин үй бүлөөңдү сыйлачу. Жылдар кандай тез өтүп кетти. Биз чогуу чоңойдук, Муса. Мен сенден жакшы аялды элестете алчу эмесмин... А мен сенден жакшы күйөөнү... Бүгүн кызыбыздын үлпөт тоюу. Кудай кызыбыга Өзүнүн батасын берсин. Сенин тоюуң башталганы калды. Коркуп атасыңбы? Менби? Коркупбу? Жок. Үрөйүм учуп атат. Бирок ойлобогонго аракет кылып атам. Анда мен сага эстетейин. Мага жана башкалардын баарына! Апа, сиз өтө көп иштеп койдуңуз. Сиз эс алышыңыз керек. Жок, жок, кереги жок кымбаттуум. Бул күндүн бир да нерсесин өткөрүп жибергим келбейт. Сенин агаң ушул жерде болсо кана. Бирок, апа, мен айткан жокмунбу? Дөөт Жакыпты талаадан тааптыр. Ал тойго келем деп айтыптыр Жакыпка. Дөөтбү? Сен Жакып менен ушу жума сүйлөштүң беле? Жок, албетте, жок апа. Жакып Аюбка айтыптыр, Аюб мага айтты. Бирок, апа, Дөөт келет. Сиз кубанган жоксузбу? Аа, мен бактылуумун. Ал өзүнө сак болсо экен. Эгер римдиктер аны таап алса... Бул менин тоюм, апа. Баары сонун болот. Сенин тоюң. Кантип тез эле чоңоюп калдың. Кеч болуп калды. Жасанышың керек. Кандайсыздар эжекелер. Келгениңиздерге чоң рахмат! Ооба, биз келдик. Жөн эле койсоңуз болмок, рахмат, эже. Рахмат. Кандай сонун күн! Аай, сен даярданышың керек эмесби? Туура айтасыз. Жүрү сиңдим, сени жасайлы. Далия, жүрү биз менен. Сен абдан татынакай колуктусуң, Мариам. Толкунданып жатам. Баарыбыз эле тойубузда толкунданганбыз. Ой! Бул орой карыган манжалар. Бул ишти, жаштарга бериш керек дейм. Нора эже, кызымдын үлпөт тоюнда бир аз акыл насаат сөз айтасызбы? Өткөн жумада сен Ыйсанын үлпөт той жөнүндө аңгемесин айтып бергенсиң. Күйөөнү күтүп жаткан он кыз жөнүндөгү окуя эсиңдеби, Лейла? Баарынын шамдары бар эле, алардын беш кызы жандарына, дагы, кошумча май алып алышкан, а бешөө алган эмес. Күйөө болсо бир аз кечиккен. Менимче, Жакып кечикпейт. Болбосо, оюн өзгөрттү деп ойлоп калам. Сенин курбуларың жандарына кошумча май алып алышаар, эгер ал кечигип калса. Эгер шамдардын баары күйүп бүтүп калса, майрам токтойт. А мен караңгыда майрамдагым келбейт. Эми бул окуяда, күйөөнүн жолдо экенин кошуналары жар салганда, анан, ашыкча майлары жок кыздар беркилерден сурай башташат. Бирок алар майларынан бөлүшсө, аларда үлпөт той бүткөнчө жете турган майлары калмак эмес. Ошон үчүн акылсыз кыздар май сатып алганга сатуучуларды издеп жөнөшөт. Ал эми базар эчак эле жабылып калганда. Албетте. Кайрадан, беш кыз кайтып келген убакта, баары, майрамдаганга кетип калышат, алар болсо калып калышат. мен түшүнбөй атам, эжеке. Бул окуя мен эмес, коноктор жөнүндө. Ыйса чындап эле үлпөт той жөнүндө айткан деп ойлобойм. Ал биздин жашообуз жөнүндө айткан деп ойлойм. Баарыбыз Ыйсанын кайра келишин күтүп атабыз. Кээ бирибиз ал келгенге чейин, өлүп калышыбыз мүмкүн, бирок ошол күнгө, даяр болушубуз керек. Биздин жүрөгүбүз Ыйык Рухка толуп жана Ага умтулуп турушу керек. Эч ким муну биз үчүн жасабайт. Кыздар бири-бирине майларын бөлүшө алышкан эмес. Сенин күйөөң Кудайга болгон сүйүүсүнөн сага бөлүшүп бере албайт. Сен өзүң Кудайды издешиң керек. Мага Ыйсанын сөздөрү жөнүндө күнү бою ойлонгон жагат. Мен ырдайм. Мен сыйынам. Сен да ушундай кылышың керек, Мариам. Дайыма Аны изде. Дайыма акылмандуулук бер деп сура. Бул сага күнүгө шамыңды майга толтурганга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Бул эсте калтырганга кандай сонун жол. Рахмат, эжеке. Эч нерсе эмес. Ривка, кымбаттуум, мүмкүн сен дагы кызымдын тоюнда бир нерсе айтып бергиң келет? Сен бүгүн ушунчалык сулуусуң, Мариам. Сенин чачыңды эң жакшы кылып өрүп бергенди каалайбыз, туурабы? Сенин жайнаган сулуу көздөрүңдү, нур чачкан жагымдуу жүзүңдү көрүп туруп, Ыйык Элчи Петирдин мындай деп айткан сөздөрүн, эстеп жатам, кооз чач жасалга, ал дагы сени сулуу кыла албайт. Жана кымбат баалуу жасалгалар, сонун кийимдер да сулуу кыла албайт. Чыныгы таза сулуулук, адамдын ичинен чыгат. Бул сулуулук эч качан соолубайт. Кудай аны жогору баалайт. Эсиңде болсун, бүгүн жана дайыма. Сенин чыныгы сулуулугуң – ичиңде. Рахмат, Ривка эже. Сара, сиңдиңе айта турган сөзүң барбы? Ооба, билесиңби, мен эми гана жакшы колукту кандай болуш керекти түшүнө баштадым. Ал эми бир нече айдан кийин жакшы эне болгонду үйрөнө баштайм. Бирок Ривка эженин Марфа менен Мариам жөнүндөгү аңгемеси эсимде. Эсиңдеби? Ыйсанын аларга келгениби? Ооба. Ыйса шакирттери менен жер жерлерди кыдырып... окутуп жүргөн убакыт болчу, анан алар Марфа менен анын сиңдиси Мариам жашаган жерге келишкен. Марфа улуусу эле, ал кечке тамак даярдоо менен алек болгон, анткени келген көп адамдарды тойгузуш керек эле. Бирок Мариам, кичүүсү, Мариам сага окшоп, Ыйса Теңирдин жанына отуруп алып анын сөздөрүн укканды аябай жактырчу. Мариамдын үй иштерине жардам бербегенине эжеси Марфа капа болуп, Ыйсага келип арызданган, бирок Ыйса мындай жооп берет: «Мариам өзү үчүн эң жакшысын тандады, муну андан эч ким тартып ала албайт». Менимче, мен Марфадаймын. Мен дайыма эле келечегибиз кандай болот, анан бүгүн эмне кылышым керек деп, кабатырлана берем. Бирок жакшы жубай, жакшы аял болгондун сыры, бул: убакытты күнүгө сыйынып, Ыйык Жазууну окуп, анан Ыйсанын айткан сөздөрү жөнүндө ойлонуп өткөрүш керек. Мен сыйынганда жүрөгүмдү тынчтандырам, жана Кудайдын үнүн угуп, мени менен сүйлөшкөнүн сурайм, ошондо... Марияга көбүрөөк окшошом, Марфага болсо азыраак. Рахмат, Сара. Сараныкы туура. Жашоо ар бир жаңы күн менен келет. Күнүгө Кудай менен болгон мамилебизди биринчи орунга коюшубуз керек мына ушул бизге кубаныч алып келет. Күйөөң менен жашоого ыракаттан, Мариам. Некемия пайгамбар, Теңир алдындагы кубаныч биздин күчүбүз деген. Кубанычты кичинекей нерселерден тап. Жана ыраазы бол. Ыйсанын атынан асмандагы Атаңа... күнүгө муктаждыгыңды, суроолоруңду алып кел. Күйөөң барбы, жокбу, күнүгө ушундай жашаш керек. Биз билебиз, чынбы, Далия? Менимче, ооба. Албетте, ооба. Кудай бизди кандай болсок ошондой сүйөт, кымбаттуум. Элчи Пабыл үй бүлөөлүү болгуча, жалгыз болгон жакшы деп жазган. Ошондойбу? Ооба. Бойдок адам Кудайга жана анын кызматына өзүн толук арнай алат, деген. Ал бойдок болуу өзгөчө бата экенин көрсөткөн. Аны Мариамга айта көрбө. Кудай дайыма жакшы жашоонун баардык учурунда. Ал бизди сүйөт күйөөлүү, балалуу, болсок, болбосок да. Анткени Ал бизди Өзү менен өзгөчө мамилеге жараткан. Ал ар бирибизге кубанат! Ыйса аркылуу ушул сүйүүнү кабыл алганды үйрөнүшүбүз керек. О, апа, мен сизди абдан жакшы көрөм. Баары үчүн рахмат сизге. Мен сени дайыма сүйөм жана сен үчүн күнүгө сыйынам, кызым. Алар келип калышты. Күйөө бала бул жерде! Мына, күйөө! Болду! Чыгалы, күтүп калышты! Ал бул жерде! Ал келе атат! Эми азыр келип калат! Ал келе жатат! Аны көрүп атам! Дөөт! Сен келдиңби? Албетте, келдим. Бул сенин күнүң! Жүрү. Ал мына, ата. Биз колуктуга келдик. Сен кандай сулуусуң! Сен менин жүрөгүмдү бир көз карашың менен, мойнуңдагы бир шуруң менен арбап алдың. Качкыла жолдон! Бул эмне деген? Ал кайда! Ал кайда! Өтүнөм, тоюбузду бузбагыла! Бузбагыла! Мен аны таптым ! Мына ал! Байлагыла аны! Байлагыла! Тургузгула аны! Жок! Тур! Бас, кеттик! Бас батыраак! Жол бергиле! Тургула мындай! Жок! Дөөт! Апа! Апа! Бул той, сен барган үлпөт тойлорго эмнеси менен окшош, же эмнеси менен окшош эмес? Норанын он кыз жөнүндөгү айткан окуясы биздин жашообуз тууралуу эмне дейт? Өзүңдү Саранын окуясындагы Марфага окшоштурасыңбы, же Мариямгабы? Эмнең менен? Нора менен Саранын аңгемелери эмнеси менен окшош? Кудай менен болгон жашоо сага эң маанилүү болуп калышы үчүн, эмне кыла аласың?
JesusFilm