Кыска метраждуу тасма
Can the Bible Be Trusted?
3 мүнFHD
3 / 8Клип 3 / 8Do You Ever Wonder...? · 8 бөлүм
Can the Bible Be Trusted?
Have you ever wondered why followers of Jesus believe the Bible is the same today as when it was originally written? Archaeological evidence validates that today’s Bible consists of the same Scriptures originally written thousands of years ago.
СуроолорТектеш суроолор
Өзүңүздүкүн сураңызЫйык Китептеги цитаталар
Бөлүшүү2 Timothy 3:16
All Scripture is God-breathed and is useful for instruction, for conviction, for correction, and for training in righteousness,
Berean Standard Bible
Public Domain
Кененирээк окуу...Транскрипт
Kyrgyz (قىرعىز)
Ыйсанын жолдоочулары эмнеге Ага ишенет деп сиз ойлодунуз беле?
Ыйык Китеп башында жазылганда кандай болсо, ошол бойдон экенине ишенишкенин ойлонуп көрдүңүз беле?
Ыйык Китеп 1500 жыл аралыгында жазылган Кудайдын Ыйык Сөзү.
Ал бизге Кудай жана бардык адамдар үчүн адеп-ахлактуулукту үйрөткөн китептердин жыйнагы;
Ал Тоорат, забурлар, Инжил жана Ыйсанын жолдоочуларына жазылган каттардан турат.
Ал бизге адамдар Кудайдын жаратуусунун бир бөлүгү экенин айтып берет.
Кээ бир адамдар Ыйык Китеп жылдардын өтүшү менен
көптөгөн котормолордун айынан өзгөрүп кеткен деп ойлошот.
Ыйык Китеп алгач үч тилде жазылган жана ошондон бери
ар бир адам Кудайдын Сөзүн өз тилинде окуй алышы үчүн көп тилдерге которулган.
Кээ бир тилдерде анын бир нече котормосу бар, бирок алардын кабары бир.
Ыйык Китептин ар бир котормосу нукура тексттен которулган жана котормону нукура текст боюнча текшерсе болот.
Азыркы заманбап котормолорду көптөгөн археологиялык табылгалар тастыктап турат.
Мисалы, б.з.ч III менен б.з. I кылымдын ортосунда түзүлгөн Ыйык Китептин 981 байыркы кол жазмалары
XX кылымдын ортолорунда Өлүк деңиздин жанынан табылган.
Кол жазмалардын бири Улуу Ышайанын түрмөгү.
Ал Ышайа кибетинин бардыгы 66 бөлүмдөн турат,
бул китепте Ыйса Машаяктын өмүрү жана өлүмү жөнүндө пайгамбарлык кылынган.
Улуу Ышайанын түрмөгү азыркы заманбап Ыйык Китептеги Ышайанын китеби менен бирдей.
Ыйса жөнүндө айтып берген Ыйык Китептин бөлүгү
Ал өмүр сүргөн убактагы I кылымда жашаган Анын шакирттери тарабынан жазылган.
Алар өздөрүнүн каттарын көптөгөн аймактарга жиберишкен
ал жактан башка шакирттер жазылгандардын чындык экенин ырастап, аларды көчүрүп жана Ыйсанын башка жолдоочуларына жиберишкен.
Ыйса жөнүндө айткан Ыйык Китептин байыркы кол жазмасынын 25000 көчүрмөсү табылган.
Алардын бардыгы бири-бирине жана азыркы заманбап Ыйык Китепке дал келет.
Мындан сырткары Британиядагы китепкананын көргөзмөсүндө грек тилинде жазылган толук Ыйык Китеп бар.
Синай кодекси деп аталган бул Ыйык Китеп болжол менен б.з. 350 ж. жазылган жана азыркы заманбап Ыйык Китеп менен бирдей.
Ыйык Китеп байыркы тексттеринин көчүрмөлөрү эң көп табылган китеп.
Бардыгы биригип, Ыйык Китеп миңдеген жылдар мурун жазылган
нукура кол жазмалардан турганын далилдейт.