Do You Ever Wonder...?·7 / 8

Did Jesus Come Back From the Dead?

Jesus told people that he would die and then come back to life. This short film explains the details surrounding Jesus' death and resurrection.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
John 11:25

Jesus said to her, “I am the resurrection and the life. Whoever believes in Me will live, even though he dies.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Силер Ыйса Машаяктын чын эле өлгөнү жана өлгөндөрдүн арасынан тирилгени тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Биз кантип бул анык экенин биле алабыз? Ыйса Кудай жөнүндөгү чындыкты 3 жыл окуткан. Анан Ал өзүнүн шакирттерине өзүнүн өлүмү тууралу эскерткен, бирок өлүмдү жеңип чыгып, кайрадан жашоого кайтам деп сөз берген. Алар Анын эмне айтканын аягына чейин түшүнгөн эмес. Шакирттеринин бири Жүйүт керек болсо аны сатып кеткен. Андан соң диний аалымдар жөнөкөй адамдарга тийгизген таасиринен коркуп, аны жалган кылмыштарга күнөөлүү кылышкан. Көпчүлүк жалган калпына ишенип, Ыйсаны өлтүрүүнү талап кылышты. Анын шакирттери качып, бекиништи. Шакирттеринин бири болсо аны тааныбайм деп танып кетти. Коркуп, өзүн күнөөлүү сезген Жүйүт өз жанын өзү кыйды. Бирок Кудайдын көздөгөн максаты болгон, бул болгондордун бардыгы пайгамбарлары аркылуу мындан жүздөгөн жылдар мурда айтылган. Ыйса эки кылмышкер менен бирге эң катаал кыйноолор менен өлтүрүлгөн. Айкаш жыгачка асуу аркылуу өлтүрүлгөн. Рим аскерлери анын найза менен сайып көрүп, анын өлгөнүнө ишеништи. Андан кийин Анын денесин үнкүргө коюлуп, Рим аскерлери аны кайтарышкан. Үчүнчү күнү Ыйсанын жолун жолдогон аялдар үнкүргө барышты. Алар Периштелер таштарды жылдырышканын көрүштү. Кайтаруучулардан коркуп качып кетишти. Аялдар келгенде бош үнкүрдү көрүштү жана аларга периштелер: "Силер эмнеге өлүктөрдүн арасынан тирүү адамды издеп жатасыңар? Ал бул жерде жок, Ал тирилди" дешти. Алар артты көздөй чуркашты, башка шакирттерине айтып барышты. Бирок алар ишенишкен жок. Ыйса алардын арасында пайда болуп: Силерге тынчтык каалайм дегенге чейин ишенишкен эмес. Ал андан кийинки 40 күн ичинде аларга көрүндү. Бир убакта Ыйса асманга көтөрүлүп кеткенге чейин, 500дөн ашуун адамга көрүндү. Башында качып кеткен Анын шакирттери эми түшүнүп, кайрадан Ага ишеништи. Алар көргөн билгенин башкаларга күбө болуп айтып беришти, акыр аягы өлүм жазасына тартылышты. Бирок Ыйсанын өлүмү жана тирилгени бүткүл дүйнөгө тарап кетти. Ошол күбөлүктөргө таянып биз Анын өлүмү жана тирилгенине ишене берсек болот. Ыйса биздин күнөөлөр үчүн жазаланып, бизге кечирим берүү үчүн өлүмгө барды. Ыйса өлүмдүн үстүнөн да бийлик кыла алаарын көрсөттү! Ал азыр да тирүү асманда, тирүүлөр менен өлгөндөрдү сотоо үчүн, Анын кабыл алгандарды алып кетүү үчүн бул дүйнөгө кайтып келет. Сиз үчүн Ыйсанын өлүмү менен тирилиши кандай мааниге ээ?
JesusFilm