Do You Ever Wonder...?·5 / 8

Who is Jesus...Really?

Who is Jesus? What has He done, and why did He do it? Through Jesus, God made a way for us to experience a loving, restored relationship with God. Jesus lived the perfect life no other human could ever live, and he died and rose again, demonstrating his victory over sin and death.He was the perfect offering on our behalf.

Өзүңүздүкүн сураңыз

Ыйык Китептеги цитаталар

Бөлүшүү
1 John 4:9

This is how God’s love was revealed among us: God sent His one and only Son into the world, so that we might live through Him.

Berean Standard Bible

Public Domain

Кененирээк окуу...
Акысыз ресурстар

Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгүңүз келеби?

Ыйык Китепти изилдөөбүзгө кошулуңуз

Транскрипт

Kyrgyz (قىرعىز)
Ыйса деген ким? Ал эмне кылган жана ошол ишти эмне үчүн кылган? Улуу Ыйса асманда падышалык кылып жаткан, бирок адамзаты күнөөнүн тузагында болчу. Кудай адамдарды сүйөт жана аларды эркин болушун каалайт, ошол себептен Ыйса пайгамбарчылыктарды ишке ашырып жана адамзатын куткаруу үчүн жерге келген. Кудайдын Руху кереметтүү түрдө кыз Мариямга түштү жана ал эркек менен бирге болбой туруп кош бойлуу болду. Бир нече айдан кийин Ыйса мал сарайда төрөлдү. Ыйса адам, ошол эле учурда Ал - Кудай. ал Өзүн Кудайдын Уулу деп атаган бул наам, Ал адамга айланган Кудай экенин билдирет. Ыйсанын табияты адамдык акылга сыйбас жашыруун сыр. Ал кереметтерди көрсөттү... бийлик менен үйрөттү... бир да адам сүрө албаган күнөөсүз -жеткилең өмүр сүрдү. Ыйса Өз ыктыярдуулугу менен Өзүн биздин ордубузга жеткилең курмандык катары берди. Үч күндөн кийин күнөө менен өлүмдүн үстүнөн жеңишин билдирип Ыйса өлүмдөн тирилди. Ыйса кайра эч качан өлбөө үчүн асманга көтөрүлүп кетти. Ошол себептен Ал Тооратта Машайакка тиешелүү; Куткаруучу, Кудайдын Уулу, Иммануэл, Кудайдын Козусу деген наамдар жана сөздөр менен даңкталат. Ыйса пайгамбарчылыктарды аткарды, биздин жазаны тартты, жана бизди күнөөдөн куткарды. Бир күнү Ал бардык адамдарды соттоо үчүн келет, бирок Анын өмүрү, өлүмү жана тирилүүсү бизге акталуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ыйык Китеп бизге Кудай менен мамилебиз калыбына келип сүйүү менен курулушу үчүн тобо кылуу керектигин жана Ыйса бизди күнөөбүздөн куткарган Куткаруучубуз экенине ишенүү керектигин, ачып берет. Сиз Анын белегин кабыл алгыңыз келеби?
JesusFilm