Кыска метраждуу тасма
Why Did Jesus Have to Die?
3 мүнFHD
Do You Ever Wonder...?·6 / 8Клип 6 / 8
Why Did Jesus Have to Die?
God created humans to be spiritually and relationally connected with Him, but how can we keep God's commands? How can we live without shame? We can't restore ourselves to honor. It would seem we're doomed, except God doesn't want His creation to die. He is merciful and loving, and wants us to be restored, living with Him in full life.
СуроолорТектеш суроолор
Өзүңүздүкүн сураңызЫйык Китептеги цитаталар
БөлүшүүIsaiah 53:5
But He was pierced for our transgressions, He was crushed for our iniquities; the punishment that brought us peace was upon Him, and by His stripes we are healed.
Berean Standard Bible
Public Domain
Кененирээк окуу...Транскрипт
Kyrgyz (قىرعىز)
Күнөө. Адамдар менен Кудайдын ортосунда бөлүнүүнү пайда кылып, бизди Кудайдан ажыратат.
Адамдар өздөрүнүн иш-аракеттери жана кетирген күнөөлөрү үчүн өздөрү күнөөлүү,
анда эмнеге Кудай алардын өздөрү жазасын алуусун күтпөй аларды куткарат?
Кудай - сүйүү, өмүр берүүчү.
Ал адамдарды Өзү менен руханий мамиледе болуу үчүн жараткан.
Бирок адамзат Кудайдын эркине каршы чыгууну, бизди өмүрдүн булагы -
Кудайдан ажыраткан күнөө кылууну тандашты.
Күнөө жугуштуу оору сыяктуу муундан-муунга өтүп адамзатына тарап, адамдарды Кудайдан
жана бири-биринен ажыратып келет.
Кудай Өзүнүн пайгамбарлары аркылуу сүйлөп Өзүнүн мыйзамын аткаруу үчүн адамдарга
жаңы осуяттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берип келген. Бирок адамдар дайыма аны аткарбай келишкен.
Бизди Кудайдан ажыраткан күнөөнүн жазасы - өлүм.
Кудай жеткилең адилеттүү болгондуктан, адамзатынын күнөөсүн көз жаздымда калтырып же кечирип коё албайт.
Кудай ыйык жана адил.
Анын табияты тил табышууга жол бербейт, ошол себептен Ал күнөөнү соттоп жазалашы керек.
Анда биз Кудайдын кечиримин алууга жана сотко кабылбоого умтулушубуз керекпи?
Адамзаты Кудайдын осуяттарын аткара албайт, биз күнөөсүз жашай албайбыз
жана өзүбүздү куткара албайбыз.
Бизде чыгуу жолу жок калган сыяктуу сезилет.
Бирок Кудай Өзү жараткан жандыктардын өлүп калуусун каалабайт.
Ал мээримдүү жана сүйүүчү, Ал биз калыбыбызга келип, Аны менен өмүр сүрүүбүздү каалайт.
Кылымдар бою Ыбрайымдан баштап, башка пайгамбарлар аркылуу
Кудай адамзатынын күнөөсү үчүн кун төлөй турган
Өзүнүн Куткаруучусун жибере турган планын аз-аздан ачып берген.
Ал куткаруучу - Ыйса.
Ал асмандагы даңктуу ордун таштап, адам кейпин кийип жерге келген
жана биз эч качан сүрө албаган күнөөсүз өмүр сүргөн.
Андан кийин Ыйса Өз ыктыярдуулугу менен биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнө алып,
биз үчүн жана бардыгы үчүн өлүм жазасына тартылган.
Бирок өлүм Аны кармап кала алган жок.
Ыйса мүрзөдө жаткан жеринен өлүм менен күнөөнү жеңип тирилди
жана бизге Кудай менен мамилебизди калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Кудай бизди сүйөт жана адамзаты өздөрүн калыбына келтире албагандыктан,
биз куткарылып жана Аны менен бирге өмүр сүрө алышыбыз үчүн,
Ыйса бизди күнөөдөн жана өлүмдөн кун төлөп куткарды.
Эми биз эркиндикке жана Кудай менен мамиле курууга кубана алышыбыз үчүн
Ыйса биз үчүн кылган курмандыкты кабыл алышыбыз керек.