Кыска метраждуу тасма
Can We Know God?
3 мүнFHD
Do You Ever Wonder...?·4 / 8Клип 4 / 8
Can We Know God?
Have you ever wondered who God is? This short film explores how God can simultaneously be the majestic creator of the universe who also wants to have a personal relationship with every single person on earth.
СуроолорТектеш суроолор
Өзүңүздүкүн сураңызЫйык Китептеги цитаталар
БөлүшүүJohn 17:3
Now this is eternal life, that they may know You, the only true God, and Jesus Christ, whom You have sent.
Berean Standard Bible
Public Domain
Кененирээк окуу...Транскрипт
Kyrgyz (قىرعىز)
Сиз качандыр бир Кудай деген ким деп ойлонуп көрдүңүз беле?
Аны билсе болобу?
Ал кандай неме?
Биз ал тууралуу Ыйык китептеги айтылган:
"Кудуреттүү биздин Кудай, Кудай жалгыз" деген жазуудан билебиз.
Анын башы да, аягы да жок
жана ал эч нерсеге муктаж эмес.
Ал түбөлүктүү жана мезгилсиз. Ал түбөлүктүү.
Ал Жаратуучу катары эмне кааласа ошону кылат.
Жана бизге болгон чексиз сүйүүсүнөн улам биз аны менен сүйлөшүшүбүз үчүн,
биз аны таанышыбыз үчүн бизди жараткысы келди.
Ыйык жазууда түшунүктүү айтылган:
Ал алмашкыз таза, бардыгына мээрман.
Ал өз үй-бүлөсунө бизди баласы катары кабыл алгысы келет.
Ал биздин асмандагы атабыз болгусу келет.
Ал дүйнөдөгү бардык көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн заттардын эгеси.
Ал калыс, ошол үчүн биздин моюндабаганыбызды көз жаздымда калтырбайт.
Ошол себептен биз анын буйруктарына моюн сунбаган учурда
анын ачуусу биздин кадамдарга каршы келет.
Ал адилеттүү сот, ал акыйкаттыкты жана чындыкты колдойт.
Керек болсо бул жок кылуу билдирсе дагы.
Дүйнө ага баш ийбөөгө толуп кеткен.
Жана Жараткан мындай көрүнүшкө кейип карайт.
Бирок Кудуреттүү, бардыгы колунан келет.
Анын кудуретинин чексиздигинен бизди күнөөлөрүбүздөн арылтып, куткарып,
Теңирге болгон сүйүү жана такыбалык аркылуу өзгөртө алат.
Ал бизди өзүнө жакындата алат.
Ал чыдамкайлык жана айкөлдүк менен багыт берип, өзүнүн балдарына кам көрөт.
Анын мээрими чексиз, эгер ал сөз берсе, аны ишенимдүү орундатат.
Ал бардык жерде жана дайыма бар. Ал биз элестеткенден да чоң.
Бирок ал бизге, жеке ар бирибизге жакын.
Ал баарынын падышасы жана да Атасы.
Ал бардык жагынан кемчиликсиз, жана анын бизге болгон сүйүүсү чексиз.
Ал күнөөнүн кулуна айланган бизди өзү жараткан балдары катары көрүп, бошотуууну каалайт.
Ал бизге Аны таанып-билип, өзү менен баарлашып жашоону сунуш кылат.
Жараткандын күчүн, кубанычын жана чыныгы тынчтык жүрөгүбүзгө орнойт.