Видео жүктөлүүдө
Транскрипт
Kyrgyz (Кыргызча)
Сиз Ыйсанын жолун жолдоочулары бир Кудайга ишенеби же үчөөнө ишенеби деп ойлонуп көрдүңүз беле?
Келгиле билип көрөлү.
Жараткан Кудуреттүү. Анын күчү, керек болсо Анын бар экени адамдын аң-сезиминен бийик.
Ал баарынын жаратуучусу.
Ал эмне кааласа ошонун бардыгын жасай алат.
Ал, өзүнүн бардыгын чечмелеп, адамдарга өзү жөнүндө билимди ачып берүүнү чечти.
Ыйык жазууда айтылат: "Түбөлүктүү биздин Кудай, Түбөлүктүү жалгыз"
Анын ыйыктыгы бул сыр. Бирок Ыйык жазуулар бизге
аны толук кандуу түшүнгүдөй кылып ачып берет.
Келгиле, Кудайдын барлыгына төмөндөгүдөй аналогия жургүзгөнгө аракеттенели.
Шакек жөнүндө ойлонсоңуздар.
Бир форма: Башы да, аягы да жок идеалдуу тегерек.
Ал эми ошол шакек 3 өрүлгөн жиптен жасалганын элестетсеңиз.
Бул ошол эле шакек, бирок ал 3 жакшынакай,
бир шакекке өрүлгөн тегиз жиптен турат.
Бул шакек бизге шакектин ар бир бөлүгүн бириктирип бир бүтүмдүү
Кудайдын бардыгы тууралуу элестетүүнүн бирин бере алат.
Кудуреттүү Кудай бизге ачып берген биринчи касиети бул -
Ал Кудуреттүү Ата.
Бүткүл ааламдын жаратуучусу.
Ал асмандагы тактыда отурат.
Экинчи касиети, Кудай өзүн Кудайдын сөзүндө, адамдын денесинде Ыйса болуп келди.
Ошентип Кудай өзүнүн образын адамдын кейпинде корсотту,
Ыйса Кудайдын уулу деген наам алган.
Бул Кудай менен өзгөчө руханий биригүүнү билдирет.
Ыйык жазууларда: “Кудай өзүнун уулу аркылуу бизге Кудайдын даңкынын нурун,
анын бардыгын анык образын айткан"
Адамзатты күнөөдөн куткаруу жана Өзүнүн эркин адамдарга
ачып берүү үчүн Ыйсанын образында келди.
Үчүнчү касиети, Кудай өзүн Рух катары көрсөтөт.
Жардамчы Ыйык жазууда Ыйса мындай дейт:
"Мен атамдан суранам, ал силерге жардам бере турган
башка коргоочу берет" жана ал силер менен түбөлүккө бирге болот. Ал чындыктын Руху.
Ал силер менен ар дайым бирге болот.
Рух бизге Кудайды таанууга, Аны түшунүүгө жардам берет.
Кудай бизге Бирдиктүү Кудуреттүү Жаратуучу катары ачылат.
жана анын бар экени анын үч касиети менен
кемчиликсиз гармониясы бизге Анын бийиктигин түшүнүүгө жардам берет
жана адам менен Кудайдын табиятынын канчалык айырмаланышын көрсөтүп берет.
Ыйык Бирдиктүү Кудай, Ал өзүн бизге өзүнун
балдары катары ачып бергиси келет жана бизди аны менен сүйлөшүүгө чакырат.
Сен ал жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалайсыңбы?